Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:51

ИРАК МАЙДАНЫНДАГЫ МААЛЫМАТ СОГУШУ


Соңку маалыматтарга караганда, уруштар Багдаддын өзүндө жүрүп жатат. Америкалык аскерлер шаардын түштүк кварталдарын басып алды, атүгүл айрым кабарлар боюнча, коалициялык күчтөрдүн танктары Багдаддын борбордук райондоруна жетип калды. Ирак аскерлери аларга үзүл-кесил гана каршылык көрсөтүүдө, көп жерлерде республикалык дивизиянын солдаттары коргонуу чептеринен чыгып, багынып беришүүдө. Багдаддын көптөгөн кварталдарын өрт чулгап, күйүп жатат; шаарда күйүк жыттанып, кара түтүн уюлгуп турат.

Коалициянын танктары Багдаддын борбордук райондоруна жетип калганын америкалык командачылыктын өкүлү Фрэнк Торп билдирген эле.Авангарддык бөлүктөргө көмөкчү күчтөр жөнөтүлдү, деп айтты ал шашкедеги пресс-конференцияда. Багдаддагы уруштар союздаштардын жапырт чабуулубу же болгону алдыңкы бөлүктөрдүн чалгындоо операцияларыбы? - деген соболго Торп так жооп берген жок, болгону коалициянын аскерлеринде Багдадды калтырып кетүү планы жоктугун гана кошумчалады. Түштөн кийинки кабарларда болсо америкалык аскер бөлүктөрү болгону Багдаддын борбордук райондоруна рейд жасаганы белгиленди. Торп мунун алдында эле Багдад дивизиясынын 2,5 миңдей солдаты курчоодо калганын, алар коалициялык күчтөрдүн кысымына көпкө чейин туруштук бере албай тургандыгын белгилеп, ирак аскерлери азыркы режим үчүн согушканды каалабайт, алар тынчтык болушун каалайт деген ишеничин айткан эле. Катарлык “ал-Жазира” телеканалы ишемби күнү америкалык командачылыктын маалыматтарына шилтеме берип, Ирактын республикалык гвардиясына кирген тандалма бөлүктөрдүн бири – “Ан-Нида” дивизиясы толук талкалангандыгын кабарлады. Ал эми Ройтерстин кабарчысы Багдаддын түштүк кварталдарына кирген америкалык аскер бөлүктөрү республикалык гвардиянын “Медина” дивизиясына караган штабды басып алгандыгын маалымдады. Бирок ошол эле “ал-Жазира” коалиция Багдадды басып алды деген маалыматтарды төгүндөгөн ирак генералы Набиль Мухаммед Салимдин чакан интервьюсун көрсөттү. Багдадда оккупанттардын эч кандай отряды жок, деп айтты генерал. Салимдин сөздөрү боюнча,америкалык аскерлердин жолу тосулуп, аэропортто камалып турат. Ал эми Ирактын маалымат министри Мохаммад ал-Сахафф болсо аэропорт кайрадан республикалык гвардиянын колуна өттү деп ырастады. Министрдин сөздөрү боюнча, ирак аскерлери коалициянын бөлүктөрүн аэропорттон сүрүп чыгарды. Ушу тапта республикалык гвардия аэропортту толук контролдоп турат, баскынчылар артка чегинип,аэропортко жуук райондо курчоого алынды, биз аларды ракета жана артиллериядан аткылап,талкалайбыз,- деп айтты ирак министри. Кечке маалкы маалымат жыйынында Мохаммед ал-Сахафф аэропорт “агрессорлор үчүн боордоштук көрүстөн” болуп калды деп ырастады. Өз кезегинде Фрэнк Троп ирак министринин айткандарын толугу менен жокко чыгарып,коалициялык аскерлер Багдад аэропортун кармап тургандыгын билдирди. Деген менен Багдаддын өзүндө иштеп жаткан кабарчылар эки тараптын тең билдирүүлөрүн тастыктаган таныктар жоктугун айтышууда.

Фронттун алдыңкы чектеринен келип жаткан мындай карама-каршылыктуу кабарларды анализдеп, айрым аскерий баяндамачылар Багдад өтө үлкөн шаар экенин, андыктан анын кайсы бир чөлкөмдөрүндө болуп жаткан окуялар башка бир райондордо байкалбай каларын белгилеп жатышат. Анын үстүнө урушуп жаткан тараптар азыр маалымат чөйрөсүндө да согушуп жаткандыгын эске алуу абзел.

Ирактын маалымат министри Саид ал-Сахафф ишемби күнү аэропортту кайтарып алганы ирак тарабы өзгөчө бир тактикага өткөнү жаткандыгын айткан эле. Бул билдирүүнү комментариялап, британдык аскер-аба күчтөрүнүн маршалы Брайн Барриж ирактагы режим, биринчиден, химиялык же биологиялык курал колдонгонго барышы мүмкүн, а болбосо шаардык тургундарды “тирүү калканч” кылып пайдаланышы ыктымал деген божомол жасады. Бийлик өкүлдөрү жума күнкү намазда шаардыктарды аэропортту коргоп калганга чакырышкан эле. Азырынча Багдаддагы режимдин “стандартсыз атакасы”, анын колдонгон-колдонбогону жөнүндө да кандайдыр бир маалымат жок.

Акыркы маалыматтарда Россиянын Ирактагы элчиси,ага кошо бул жерде калган орус дипломаттарынын баары Багдаддан кетип жатканы айтылууда.Буга катарлаш Вашингтондо апталык радио кайрылуу менен чыгып сүйлөп,президент Жорж Буш коалициянын күчтөрү Саддам Хусейн бийликтен кулатылып, анын жан-жөкөрлөрү сот алдында жоопкерчиликке тартылганга чейин күрөштү уланта тургандыгын кайрадан ырастады. Ошону менен бирге ирак калкына гуманитардык жардамдар жөнөтүлө баштады, деп айтты Буш.

XS
SM
MD
LG