Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Кароосуз калган Ирактын шаарлары талап-тонолууда


Эл аралык уюмдар АКШ менен Улуу Британияны басылып алынган Ирак шаарларынын каракталышына жол бергендиги үчүн сынга алууда. Алардын айтымында, андай талап-тоноолор жана кылмыштуулуктун өсүшү ансыз деле гуманитардык алааматка кептелген Ирактын абалын ого бетер татаалдаштырууда. Багдад, Басра, Мосул, Киркук жана башка шаарларда өкмөттүк кеңселер, чет өлкөлүк элчиканалар, башка кароосуз калган имараттар талоонго алынууда, коалициялык күчтөрдүн болсо тартип орнотууга чолосу тийбейт.

XS
SM
MD
LG