Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Караколдо шаардык салык инспекциясынын имараты өрттөндү


КАРАКОЛ. Өрт кечээ таңкы саат 5тен 30 мүнөт өткөндө башталган. Өрттүн чыгыш себептери тууралуу ар кандай жоромолдор айтылууда. Шаардык салык инспекциясы жайгашкан имараттын курулганына 50 жылдан ашуун убакыт өткөн. Жедеп эскилиги жетип, чирий баштаган жыгач бөлмөлөр өрт өчүрүүчүлөр жардамга келгенге чейин эле жарактан чыккан. Натыйжада 4 компьютер жана башка баалуу буюмдар дээрлик өрттөнүп, аталган инспекцияга материалдык чыгымдарды алып келди. Учурда кырсыктын келип чыгышынын себептери иликтенип, чукул чаралар көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG