Польшанын тышкы иштер министри Влодзимеж Цимошевич 24-майда кызмат сапары менен Иранга келет жана 25-май күнү Кувейтке барат. Польша азыр - Ирактын түштүк аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кол чогултууда. Польшанын өзүнөн Иракка эки миңге жакын аскер барат, Болгария 500 солдат бере турганын билдирди. Ирак үч аймакка бөлүнгөн жана алардагы коопсуздук үчүн АКШ, Британия, Польша жооп берет. Бардыгы болуп Польша жети миң аскер чогултууга тийиш.