Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Тони Блэрдин айтымында, Ирактын куралы баары бир табылат


Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр 30-майда Варшава шаарында Польшанын премьери Лешек Миллер менен жолукканда, Ирактагы коалициялык күчтөргө каршы айтылган сынды четке какты. Кээ бир саясатчылар - Иракта кеңири кыруучу курал табылбаганын АКШ менен Британияга күнөө катары коюуда жана алардын чалгындоо кызматтары Иракка өздөрү андай курал алып келип, аны кийин Багдадка каршы далил катары пайдаланышы мүмкүн деп айтууда. Блэрдин пикиринде, андай күнөөлөр таптакыр негизсиз жана Ирактын кеңири кыргын салуучу куралы баары бир табылаарына ал ишенет. Блэр Иракка барып келген жана 30-май күнү Варшавадан Санкт-Петербургга жөнөйт. Кетээр алдында ал Европа мамлекеттерине кайрылып, аларды - АКШ менен болгон мамилесин оңдоого чакырды.

XS
SM
MD
LG