Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

АКАБАДАГЫ САММИТ АЯКТАДЫ, БИРОК НААРАЗЫЛЫКТАР КАЙРА БАШТАЛДЫ


Иорданиянын Акаба шаарында аяктаган үч тараптуу саммитте израил жана палестин премьерлери америкалык президенттин демилгесине кошулуп, региондогу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эл аралык планды колдошту. Махмуд Аббас палестиналыктарды “интифаданы” токтотууга чакырды, Ариэл Шарон болсо палестин аймактарында курулган жөөт маалаларын жойгонго даяр экендигин ырастады. Акабадагы жолугушууну эл аралык “жол картасы” планын сунуш кылган тараптар - ООНдун, Россиянын жана Евросоюздун өкүлдөрү,президент Жорж Буш өзү жакшы башталыш катары баалашты. Бирок Израилде жана Палестин автономиясында саммиттин жыйынтыктар массалык нааразылыктарды пайда кылды.

Акабадагы саммит аяктаган соң өткөрүлгөн пресс-конференцияда палестин премьер-министри Махмуд Аббас күрөштүн террордук ыкмасын токтотуу үчүн колдон келген бардык аракеттер жасала тургандыгына ишендирди. Куралдуу “интифада” менен бирге оккупация токтотулса, Аббастын сөздөрүнө ылайык, палестин жана жөөт эли азап-тозоктон арылат,эгемен палестин мамлекети түзүлөт. Ошону менен бирге Аббас жол картасы планын жүзөгө ашырууда ага айбардуу коопсуздук күчтөрү керек болорун да жашырган жок. Бул жагынан палестин өкмөтүнө Кошмо Штаттары иштиктүү жардамдарды көрсөтмөк болду. Ал эми жөөт кабинет башчысы Ариэл Шарон палестиналыктарды баса көктөп башкаруу Израилдин көксөгөн максаты эместигин, палестиналыктар өз бөгүн өздөрү бөктөсө, жөөттөр менен баракат жана мамыр мамиледе жашаса Израилдин такылеттик коопсуздугу ошондо гана камсыз болорун айкын түшүнөрүн ырастады. Келечектеги палестин мамлекети үчүн Иордандын батыш жээгиндеги аймактардын өзгөчө маанисин белгилеп, бул жерлерде мыйзамсыз түрдө тургузулган жөөт маалаларынын проблемасын чечкенге Шарон убада берди. Бирок Шарон терроризмдин кылтасы толук кыйылмайынча эч кандай тынчтык болбой тургандыгын да эскертти. Ошондуктан бул көрүнүштүн тамыры жулунмайынча Израил күрөштү токтотпойт, деп билдирди ал.

Президент Буш региондогу тынчтык планын жүзөгө ашырууну Вашингтон өзүнүн артыкча маани берген иши катары эсептей тургандыгын бышыктады. Буш чымырканган аракет, өз ара ишеним аркасында бейпилдикке жетүүгө болорун, бул жагынан Акабада маанилүү кадамдар жасалганын белгиледи. Жалпы жонунан америкалык президент кантсе да позитивдүү жышаандарды ашыра баалагысы келген жок. Мындай иште көп учурда дурус башталыштардын арты жаңы тирештер менен коштолуп кетери да белгилүү, деп айтты ал.

Айткандай эле Акабадагы самиттин жыйынтыктары Израилде массалык нараазылыктарды пайда кылды. Жума күнү кечинде эле Иерусалимде кырк миңдей киши демонстрацияга чыгып, премьер Шарондун палестин аймактарындагы жөөт маалаларын жоюу жөнүндөгү убадасын айыпташты. Эки жүз минден ашуун жөөт обосолдорунун кеңеши атайын билдирүү жасап, Акабадагы саммитти “Израилдин терроризмге багынып бергендигин ырастаган ызалуу азем” деп баалады. Өз кезегинде палестиналык радикалдуу уюмдар да Израилдин оккупациясына каршы тынчтык ыкмалар менен күрөшүү жөнүндөгү Махмуд Аббастын чакырыгын четке кагышты. Палестинаны боштондукка чыгаруу боюнча элдик фронт “интифада” улантыла тургандыгын билдирди. ”Хамастын” лидерлери болсо уюмдун активисттери араптардын ар бир укум жери үчүн кан төккөнгө даяр экендигин ырастады. Ислам жихады тобунун өкүлдөрү премьер Аббасты палестиналыктардын колундагы жападан жалгыз көзүрдөн – куралдуу күрөштөн баш тарткысы келип жатканы үчүн айыпташты.

Бул окуяларды комментариялап, бир катар байкоочулар Жакынкы чыгыштагы тынчтык процессинин башталышы өтө кыйын болорун белгилешти. Бул иште жөөт премьерине караганда палестин кабинет башчысы чоң тобокелге барды, деп белгилейт, мисалы, британдык “Таймс” гезити. Шарон азыр Израилде реалдуу күчкө ээ, анын позициясын жакын аралыкта оңчулдар же башка бирөөлөр солгундатып жибере алары күмөн. Ал эми Аббас палестин чөйрөсүндө мынчалык абройго жете элек. Баарыдан мурда Акабадагы саммитке палестин лидери Арафат эч кандай реакциясын билдирбегенин “Таймс” дүмөктүү ишке жоруган эле. Бирок бейшемби күнү Арафат саммитте Шарон реалдуу эчтеме деле сунуш кылбагандыгын, болгону бир жердеги мааланы экинчи жерге көчүрө салып, аларды жок кылганга убада берип жаткандыгын белгиледи.

Соңку маалыматтарда Шарон менен Аббас жакын аралыкта кайра жолугушат. Айтымда, алар саммиттин жыйынтыктары эмне себептен жөөттөр менен палестиналыктардын арасында бирдей нааразылыкты пайда кылганын жана буга байланыштуу мындан аркы кадамдарды талкуулашат. Бул тууралуу бейшемби күнү Израилдин радиосу кабарлады.

XS
SM
MD
LG