Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

БАСЫЛЫП АЛЫНГАН АРАБ ЖЕРЛЕРИНДЕГИ КЭЭ БИР КУРУЛУШТАРДЫ ИЗРАИЛ ЖОК КЫЛА БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Израил өкмөтүнүн айтымында, ал Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы планды аткара баштады. Мисал үчүн, Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги беш курулуш 9-июнда жана дагы төрт курулуш 10-июнда жок кылынды, бирок арабдар аны көз боёмочулук деп атоодо. Ошол эле учурда эки тарап ортосундагы куралдуу кагылышуулар дагы эле уланууда жана эки тарап тең өз жетекчилерин сынга алууда.

Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусия тараптан биргелешип иштелип чыккан жаңы план боюнча, 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш жана ал үчүн арабдар бардык террор аракеттерин токтотушу керек, жөөттөр болсо басылып алынган араб жерлеринде акыркы эки жылда курулган айылдарды көчүрүп кетүүгө тийиш.

Бул планды АКШ президенти Жорж Буш Израил менен Палестинанын өкмөт башчылары Ариел Шарон жана Махмуд Аббаска өткөн аптада кошуна Йорданияда болуп өткөн саммит учурунда тартуулады, бирок алар жаңы планга май айында эле жалпысынан макул болгон. Израил тарап буга чейин төрага Ясир Арафат менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып келген жана азыр араб тараптан бийик жолугушууларга премьер-министр Махмуд Аббас гана катышууда, бирок азыр ал тынчтык планына Палестинанын дагы, араб жерлериндеги жөөт айылдарынын тургундары да каршы чыгып жатканы негизги маселе болууда.

Арабдардын айтымында, тынчтык планында акыркы эки жылда пайда болгон гана жөөт айылдары жок кылынууга тийиш деп жазылган, бирок Израил андай мыйзамсыз айылдарды 1967-жылдан бери куруп келген. Ал айылдардын тургундарынын айтымында болсо, алар жөөт өкмөтүнүн макулдугу менен аракеттенген, ошондуктан алардын айылдарын эч ким мыйзамсыз деп түшүнбөшү керек.

Тогузунчу жана онунчу июнда Израил аскерлери Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги кээ бир курулуштарды уратып жок кылды, бирок аларда эч ким жашаган эмес, ошондуктан азырынча бир да жөөт араб жерлеринен көчүрүлүп кете элек. Байкоочулардын айтымында, бар болгону - кээ бир айылдардын четинде курулган жана бир кезде күзөтчүлөр кызмат өтөгөн мунаралар гана жок кылынды жана аларды эч ким айыл деп эсептебеши керек.

Палестина өкмөтүндөгү министр Абед Раббонун айтымында, Израилдин мындай аракеттери - дүйнөлүк коомчулукту жөн гана алдагандык, бирок ошого дагы жөөттөр каршы чыгууда. Алардын кошуундары курулуштарды сындырып жаткан жөөт аскерлеринин аракеттерине жолтоо болуп, алардын машинелерин тосуп, миңдеген адамды пикеттерге тургузууда.

Анткен менен Израил калкы мыйзамсыз айылдарды жок кылууга жалпысынан көнө баштады. "Нью-Йорк таймс" гезитинин маалыматы боюнча, мындан бир жыл мурда өткөрүлгөн сурамжылоодо Израил элинин 50 гана пайызы ал айылдарды көчүрүп кетиш керек десе, аны азыр калктын 59 пайызы колдойт. Басылып алынган жерлерден жөөт аскерлери бир тараптуу чыгып кетиш керек деген идеяны бир жыл мурда суралгандардын 48 пайызы колдосо, андай ойлогондордун саны азыр 56 пайызды түзөт.

Бирок жөөттөр менен арабдардын ортосундагы куралдуу кагылышуулар дагы эле уланууда жана онуна караган түнү израилдик аскерлер Газа тилкесинде эки жана Йордан дарыясынын батыш жээгинде дагы бир арабды атып өлтүрдү. Жөөт өкмөтүнүн айтымында, алар террорчулар болчу. Террордук аракеттерди уюштурган уюмдар менен премьер Махмуд Аббастын сүйлөшүүлөрү азырынча жыйынтык бере элек, бирок АКШ президенти Жорж Буштун пикиринде, аймакта тынчтык баары бир орнойт: "Мен оптимистмин, анткени террорду жок кылуу ишине жоопкерчиликтүү жетекчилер киришти, ошондуктан тынчтыкты сүйгөн Палестина мамлекети пайда болот", - деди Буш 9-июнда Вашингтондогу Ак үйдөн.

XS
SM
MD
LG