Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Казат Акматов өзүнүн бул кызматтан бошотулганын билдирди


БИШКЕК. Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Казат Акматов президент Аскар Акаевдин 16-сентябрдагы жарлыгы менен кызматтан бошотулганын бүгүн «Азаттыкка» өзү маалымдады. К. Акматовдун айтымында, анын кызматтан бошотулганы «пенсияга чыкканына байланыштуу» деп түшүндүрүлгөн, бирок ал пенсия жашына келе элек. «Тил комиссиясын Ѳкмөт Үйүнөн чыгарып салышты. Ушул мамиленин өзү эле кыргыз тилине чоң балта чабуу болуп калды», - деди К. Акматов. Бирок президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү анын бул кызмат ордунан четтетилгени туурасында кабарсыз экендигин айтышты.

XS
SM
MD
LG