Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

ЖОРЖ БУШ ЯПОНИЯДА


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш жума күнү Японияга келди. Токиодон соң америкалык президент Филиппинге барат, андан ары Таиландда, Сингапурда, Индонезиянын Бали аралында болот. Буш түштүк-чыгыш Азиядагы тогуз күндүк сапарын Австралияда карытат. Сапарга жөнөр алдында америкалык президент Иракка байланыштуу Вашингтон сунуш кылган резолюция колдоп бергени үчүн ООНдун коопсуздук кеңешине ыраазылык билдирди.

Токиодо япон өкмөтүнүн премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми менен кечки сыяпат тамак маалында президент Буш биринчи кезекте Иракты кайра куруу жана Корей жарым аралындагы ядролук кризисти жөнгө салуу маселелерин талкуулады. Америкалык президент Токиого келер алдында япон өкмөтү Иракка финансылык жардам көрсөтүү планын иштеп чыгып, келерки жылы эле бул максатка 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө адие бөлүүнү чечкен эле. Ал эми эл аралык бейпилдик контингенти үчүн Иракка аскер бөлүктөрүн жөнөтүү маселесин Коидзуминин кабинети али чече элек. Токиону буга көндүрүү үчүн Бушка ООНдун коопсуздук кеңешинде кабыл алынган резолюция жакшы аргумент болуп бериши мүмкүн. Буш бейшемби күнү резолюцияны бир добуштан колдоп бергени үчүн коопсуздук кеңештин мүчөлөрүнө атайын ыраазылык билдирген эле.

Деген менен Японияда Иракка аскер жөнөтүү идеясына коомчулук, анын ичинде Нагасаки менен Хиросимадагы атомдук алааматтан азар көргөндөрдүн – хибакусялардын – мууну, ошондой эле аялдардын улуттук эң ири бирикмеси катуу каршылык билдирүүдө. Акыркы уюм жума күнү Токиодо билдирүү таркатып, президент Бушту Ирактагы согуш үчүн айыптады, япон өкмөтүн Иракка аскер контингентин жөнөтүү жөнүндөгү Вашингтондун сунушун четке какканга чакырышты. Ал эми хибакусялар америкалык элчилик алдында митинг өткөрүп, Вашинтгтон администрациясынан ядролук арсеналдарын түгөл жок кылууну талап кылышты. Алаамат бул курал кимдин колунда болбосун – Америкадабы же Түндүк Кореядабы – адамзатка коркунуч келтирет, деп айтылат атайын Бушка багышталып элчиликке тапшырылган катта. Андан мурдараак Пхеньяндын бийликтери өзүнүн “ядролук ооздуктоо каражаты” бар экенин далилдегени жаткандыгын айткан эле. Түндүк Корея, ырасмий маалымат агенттиги таркаткан билдирүүдө айтылгандай, мындай кадамга барганга Вашингтондун оккупациялык пландарынан улам аргасыз болуп отурат.

Пхеньяндын бул билдирүүсүн америкалык жана япониялык тараптар комментариялашкан жок. Бирок Буш менен Коидзуми Корей жарым аралындагы атомдук кризисти жөнгө салуу максатында биргелешип иш жүргүзө тургандыгын бышыкташты.

Япониялык премьер менен америкалык президент эки тараптуу экономикалык маселелерди да сөз кылышты. Алардын арасында долларга,анын финансы рыногундагы кунуна байланыштуу кырдаал да козголду. Япон өкмөтү америкалык валютанын улам төмөндөп бараткан наркын кайра көтөрүү максатында акыркы кездери жүйүр жана ири масштабдагы интервенцияларды өткөрүп жатат. Америкалык арзан доллар жергиликтүү экспортчуларды өзгөчө бейпайга салууда, ал эми Япониядагы америкалык компаниялар болсо, тескерисинче, буга куйкасы курушууда. Коидзуми менен Буштун сүйлөшүүлөрүнөн кийин валюта рыногундагы кырдаал кайсы жагынан кынтаят, анын алдыдагы күндөр көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG