Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

ДУБРОВКАДАГЫ НОРД-ОСТ БАРЫМТАСЫНА БИР ЖЫЛ БОЛДУ


Аманбек Дилденбай, Прага Бир жыл мурда Чечен согушкерлеринин куралдуу тобу Москвадагы Дубровкадагы театрда спектакль ортолоп калганда капыл-топул кирип барышып 912 адамды барымтага алган. Алардын максаты орус бийликтеринен Чеченстандагы согушту токтотууну талап кылып, бул маселеге дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу эле. Үч күнгө созулган барымтада 129 адам каза тапкан. Андан бери туура бир жыл өтсө дагы, “Норд-Ост” театрында болгон каргашалуу окуядан орус атуулдарында коркуу сезими калды. Бул тууралуу Аманбек Дилденбай баяндайт.

2002-жылдын 23-октябрында Москванын түштүк-чыгышындагы Дубровка аянтында жайгашкан театрда мюзикл жүрүп жаткан. Спектакль ортолоп калган маалда күтүүсүздөн театрдын жанында эки үч жүк ташуучу автоунаа пайда болот да, андан 50дөй чечен согушчандары театрдын борбордук эшигинен кирип барышат. Сахнадагы куралчан согушчандарды спектаклдин атайын катышуучулары катары кабыл алган көрүүчүлөр бейкапар отурушкан. Окуя күтүүсүздөн өзгөрөт. Курал жаракчандар коркутуп-үркүтүп тез эле театрдагы актерлорду жана көрүүчүлөрдү, жалпысынан 912 адамды барымтага алышат. Согушчандардын арасындагы жанкечти аялдар белине шыпкай жардыргыч зат байлап алышкан. Ушул учурда барымтага түшкөн көрүүчү аял зымсыз телефону менен жакындарына кабар бергенге үлгүрөт.

- Кырдаал абдан коркунучтуу, адамдар тынчысызданып жатышат. Имарат толугу менен миналанган.

Чечен согушчандарын жетектеген 23 жаштагы Мовсар Бараев телекамера аркылуу орус бийлигинен Чеченстандагы согушту токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылат. Талап тез аранын ичинде аткарылбаса, барымтадагыларды четинен атып өлтүрөөрүн билдирет. Бул күтүлбөгөн окуя орус жетекчилерине жана Чеченстандагы согуш менен иши жок орус атуулдарына согуштун илебин сездирди. Алар театр барымтасын 11-сентябрдагы АКШдагы теракт менен байланыштырды. Орус бийлигиндеги чечендерди жеңебиз деген жетекчилер эмне кылаарын билбей калышты. Бир даары согушчандардын талабын аткарууну ыраа көрүштү. Чечен жоочулары менен белгилүү ырчы, депутат Иосиф Кобзон, саясатчы депутаттар Ирина Хакамада, Борис Немцов жана журналист Анна Политковская сүйлөшүүгө барышат. Алардын тынчтык жолу менен келишимге келүү сунушу суу кечпейт. Бирок бир нече жаш баланы жана жүрөк оорулуу адамдарды барымтадан бошотушат.

Кырдаал убакыт өткөн сайын курчуйт. Барымтадагы эки адам согушчандардын огунан набыт болот. Экинчи күнү барымтадагыларга суу жана дары дармек берүүгө Бараев макулдугун берет. 26-октябрдын таңында Орусиянын коопсуздук аскерлери желдеткичтер аркылуу уктатуучу газ жиберип, андан соң театрдын дубалын жардырып, ичине кирип барышкан. Уктатуучу газдын таасири менен согушчандар эстен танып, жардырууну ишке ашырууга шаймандары келбей калган. Атайын даярдыктагы орус аскерлери театрдын ичиндеги чечен согушчандарын атып өлтүрүшөт. Ошол учурда барымтадагы 67 адам набыт болот. Эгерде жардыруучу заттар аракетке келтирилгенде, курман болгондордун саны алда канча көп болмок. Ошол окуяга күбө болгон барымтадагы аял бошотулгандан кийин мындай деген эле:

- Газ кандайча пайда болгонун бардыгы көрүштү. Эмне болуп жатканын бардыгы түшүнүштү. Алар имаратты жардырууга толук мүмкүнчүлүгү да убактысы да бар эле. Бирок алар билип түшүнүп туруп, эмнегедир жардырышкан жок. Мен билбейм, алар эмне үчүн мындайга барышты.

Ошентип, Норд-Остту штурмалоо ийгиликтүү өтүп, жүздөгөн адамдардын өмүрү сакталып калганын орус жетекчилери айтып чыкты.

- Биз жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн, аткарууга эч бир мүмкүн болбогон нерсени жасадык. Биз Орусияны тизе бүктүрүүгө мүмкүн эмес экендигин далилдедик, - деп айткан президент Владимир Путин барымтадагылар бошотулгандан кийин.

Тез аракеттеги аскерлердин чабуулунан кийин газга ууланып курман болгондордун саны көбөйөт. Сыртынан караганда жеңил көрүнгөнү менен бул окуя оңойго турган жок. Ал бейкүнөө 129 адамдын жанын алып кетти. Террористтерди жок кылуу операциясы тууралуу журналист Анна Политковская өз пикирин мындайча билдирген:

- Мага, террористтерди жок кылуу операциясы барымтадагыларды бошотуу эмес, күчтүүлүктү көрсөтүү аракетиндей таасирин калтырды.

Кандуу окуя болуп өткөндөн кийин журналисттер: 50 куралдуу согушчан кандайча Москва шаарын аралап жүрүштү? Аялдар эмне үчүн катышты? Эмне үчүн алар имаратты жардырган жок ? Коопсуздук кызматы эмне кылып жүргөн? - деген суроолорду жаадырышты. Өкмөт сын пикирлерге кабылды. Андан сырткары газга ууланып мерт болгондорду туура дарылашкан жок, уулу газ уруксаатсыз колдонулду деген сын-пикирлер да айтылды.

Саламаттык сактоо министри Юрий Шевченконун билдиришинче:

- Колдонулган препарат дары-дармектер түрүнө кирет. Алар тез анестезиялайт. Медицинада кеңири колдонулат. Алар өлүмгө алып барбайт. Орус адистери буга толугу менен ишенет.

Тилекке каршы, газдан ууланып бир нече адам курман болгон. Кээ бирлеринин пикиринде, бул окуяны Орусиялык коопсуздук кызматы атайын уюштурган деген божомол да айтылууда. Ошондуктан үч күн ичинде орус өкмөтү адамдын өмүрүн сактоонун ордуна күч колдонуу иш чарасын даярдап убакыт өткөргөн деп күнөөлөшөт.

Ал эми “Яблоко” партиясынын лидери Григорий Явлинский:
- Биз Москвадагы теракт эмне үчүн болгондугунун себеби тууралуу толук маалымат алган жокпуз. «Норд-Осттогу» окуяда өлгөндөр эмне үчүн каза болгонун да толук билбейбиз. Бүгүнкүгө чейин бул окуянын чыгышына тиешеси бар күнөөлүү адамдарды кызматтык текшерүү тууралуу да эч бир маалымат жок.

Думадагы айрым фракциялар Дубровкадагы театрдын тегерегиндеги маселелер тууралуу, анын себебин иликтөө үчүн атайын сунуш киргизген. Сунуш эки жолу талкууга коюлуп кабыл алынган. Бирок Кремлди колдогон фракциялар ал сунушка каршы.

XS
SM
MD
LG