Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

КЫРГЫЗСТАНДА СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК АКЫБАЛ ОҢОЛУП КЕТКЕН ЖОК


Чолпон Орозобекова, Бишкек http://gdb.rferl.org/EB5E74C4-C6B0-46DF-9965-545CD6DBF063_w203.jpg Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин пикиринде, Кыргызстанда социалдык-экономикалык акыбал бир кыйла оңолду. Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында дүйшөмбүдө айтылган премьер-министрдин мындай оюна бир топ депутаттар кайчы пикирлерин айтышууда. Танаев мырзанын айтымында өлкөдө жумушсуздардын саны кыскарып, экономикадагы өсүштөр айкын көрүнүп калды.

Өкмөт белгилеген боюнча бир адам бир ай бою жан бага алчу минималдык каражат 1547 сом. Бул деген ушунча акчаң болсо отуз күн элдир-селдир жан бага аласың деген кеп. Орточо айлык республикада 800 сомду түзүп келет. Мугалимдердин айлыгы 15%га жогорулатылганын эске албаганда, соңку жылдары Кыргызстанда айлык акы көтөрүлгөн жок. Жада калса ошол он беш пайыз дагы мугалимдердин колуна тие электиги - маяна көбөйткөнгө мамлекеттин дарамети жоктугунун кабары.

Ушул он жыл ичинде кыргыз өнөр жайы, өкмөт билдиргенге караганда, 4 миллиард 780 миллион сомдук продукция өндүрүптүр. Премьер-министр Николай Танаев эл өкүлдөр жыйынында он айда ички дүң продукция 104%га жеткенин кабарлады. Өкмөт башчынын пикиринде жумушсуздук да бир кыйла азайды. Деги эле элдин жашоо турмушу кудайга шүгүр деген ойду айтты өкмөт башчы.

- Баары жаман эмес, силер ойлогондой …. Жумушсуздуктун саны жылдан жылга азайып баратат. Жакында эле балам Орусияга барып, Пенза дубанын кыдырып келди. Ал жакта электр жарыгы жок, ичкенге таза суу табылбаган айылдар бар экен. Ага салыштырмалуу бизде жашоо дурусурак эмеспи. Орусия менен Казакстанга салыштырмалуу балдардын төрөлүш темпи бизде кыскарган жок. Бул да жакшы белги,- деп билдирди Николай Танаев.

Ал эми экономикалык көрсөткүчтөргө келгенде да Танаев мырзанын көңүлү көтөрүңкү. Анын оюнда макроэкономикалык көрсөткүчтөр «Кумтөргө» көз каранды болбой калды. «Кумтөрдү» кошпой эсептегенде ички дүң продукциянын өлчөмү жогорулаганы жакшы көрүнүш экенин айтып чыкты.

Муну угуп отурган депутаттардын кай бири жөн гана баш ийкесе, кай бирлери нааразычылыгын журналисттерге ачык билдирди. Экономикада реалдуу сектор токтоп турганы, эл жумуш таппай, көпчүлүгү базар менен оокат кылып, ал эми мугалим менен врачтар акыры айлык көбөйөр деген үмүт менен жашап атканы эч кимге жаңылык эмес. Депутат Кыдыкбек Исевдин айтымында, чалкып жаткан Орусиянын айрым айылдарына теңелбешибиз керек. Анын пикиринде учурда эл өз күчүнө гана таянып, өкмөткө да, депутаттарга да ишенбей жан үрөп иштеп аткан кез. Депутаттын пикиринде болгону бийлик ага бут тосчу мыйзамдарды кабыл албай, салык жүгүн оорлотпой, жолун шыдыр койгону зарыл.

Кыргызстанда өнөр-жай ишканаларынын көбү токтоп турат. Ал эми баш көтөруп иштеп аткандары карызга батып банкрот акыбалында. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Владимир Толоконцевдин айтымында, Кыргызстан бүтүндөй өндүрүшүнөн таптакыр кол жууп калуу коркунучу алдында турат. Ал эми өндүрүшчүлөрдүн салык жана ага тагылган айыптардан топтолгон карыздарды кечүү тууралуу кайрылуусуна өкмөттүн муючу түрү жок. Үстүбүздөгү жылдын башында Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекеттик казынага карыз болгон ишканалардын береселерин кечүү тууралуу мыйзамды четке каккан. Акыр кыргыз өнөр- жай ишканалары мамлекетке болгон карызынан жүдөп турган чагы. Мойнундагы көп жылдан бери сүрсүгөн кредиттер менен ссудалардан кутулууга шайлары жок.

Албетте, тээ илгертен мамлекеттик статистикалык маалымат оптимисттик маанайда болуп келгени дайын. Адатта өкмөттүк мекемелер социалдык- экономикалык акыбалды көзгө толумдуу сандар менен көрсөтүп келишкен. Кайсы бир даанышман айтыптыр: «калптын үч түрү бар: калп, кызылдай калп жана статистика». Бул ойго мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаев да кошулат:

- Сандар деген бул ишенимдүү маалымат булагы эмес. Ошондой эле сандарды карап абалга баа бере албайбыз. Мен премьер-министрдин оптимисттик маанайдагы пикирине кошула албайм. Чет мамлекеттерге көчүп аткан элдин агымы токтой элек. Бул деген бизде жашоо анча жакшы эмес экенинен жана экономикада жылыш жоктугунан кабар берет.

Премьер-министр Николай Танаев депутаттарга бир нече ирет «койгулачы, бизде баары жаман эмес» деп кайталады. Ал эми Кыргызстанга кеңири жайылып бараткан кул базарларда болсо бир сындырым нан үчүн жумуш күтүп тургандардын саны күн сайын өсүүдө.

XS
SM
MD
LG