Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

АКШ ТҮРКИЯДАГЫ ИНЖИРЛИК АБА БАЗАСЫН КОЛДОНО БЕРГИСИ КЕЛЕТ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Марк Гроссман бүгүн Түркийада сайакатта болуп, Түркия тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана аскердик жетекчилер менен айрым сүйлөшүүлөр өткөрдү.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Марк Гроссмандын Түркийадагы сүйлөшүүлөрүндө негизги орунду АКШнын чет элдердеги аскердик күчтөрүн жаңыдан уйумдаштыруу планынын алкагында Инжирлик аба базасынын келечектеги статусу, эл аралык терроризм жана ПКК-КАДЕК жикчил күрт уйумуна каршы күрөш жүргүзүү маселелери ээледи.

Глобалдашуу жарайанынын шартында эл аралык аренада түзүлүп калган кырдаал, өзгөчө 11-сентийабр террактынан кийин жаңы бир феномен катары глобалдык террордун өөрчүп бараткан көрүнүштөрүнүн тушунда, аскердик күч сан эмес, сапат жагынан алдыңкы планга чыга келип, Вашингтон администрацийасы өзүнүн коргонуу стратегийасын учурдун шарттарына шайкеш келтирүүнүн алгачкы кадамдарын шилтей баштады.

Бул сайасаттын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп берүү максатында Марк Гроссмандын НАТОнун башкы кеңсеси Брүсселден кийин тупа-туура Түркийага келүүсү аналитиктердин көңүлүн өзүнө буруп, бул - Пентагондун жаңы стратегийасында Түркийанын ролу али да болсо сакталып кала бергендигинин белгиси катары бааланып жатат.

Бирок, келип түшкөн кабарларга ылайык, маселелердин кеңири алкагын алганда Анкаранын бийлик чөйрөлөрү менен пикирлер негизинен бир жерден чыкканына карабастан, өзгөчө Инжирлик аба базасынын келечектеги макамы тууралуу пайда болгон келишпестик көз жаздымында калбады. Кабарларга караганда, Марк Гроссман Инчирлик аба базасын колдонуу жаатында Түркийадан кыйла эркиндикти берүүсүн талап кылган. Анкаранын жетекчилери болсо “Түркийа ээн ооз айтылган буйруктар менен эмес, укук менен башкарылган бир өлкө” деп жооп кайтарышкан.

1951-жылы курулган Инжирлик аскердик аба базасы Түркийанын түштүгүндөгү Адана шаарынын чет жакасында, шаардын борборунан 9 чакырым аралыкта жайлашкан. Бул база курулган күндөн бери мезгилдүү жаңыланып турган келишимдер аркылуу АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн колдонуусуна берилип келген менен, анда Түркийанын эгемендүүлүк укуктары сакталып, Түркийанын аскерлери да анда кызмат аткарышат. АКШ, мисалга алганда, 1-Ирак согушунан кийин Анкаранын макулдугун алуу менен, Түндүк Ирактын аба мейкиндигин ушул базада жайгашкан учактары менен көзөмөлдөдү.

Вашингтон бул базанын макамы өзүнүн жаңы коргонуу стратегийасынын так чордонунда турган “тез аракеттенип, тез жооп кайтаруу концепцийасына” төп келбей жаткандыгын билдирип, Анкара өкмөтүнөн базаны пайдалануудагы процедураларды жумшартуусун талап кылган. Башкача айтканда, АКШ керек болгон учурларда түркиялык министрлер кабинетинин же улуттук мажлистин макулдугун сурабай эле, базадан пайдалангысы келген…

Гроссман Анкарадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин басма сөз жыйынында чыгып сүйлөдү:

- Инжирлик базасы Түркийанын базасы болуп эсептелет.Ошондой эле, жылдардан бери биз Түркийа менен мезгилдүү макулдашуулардын негизинде ал базаны колдонуп келдик. Биз ошол макулдашуулардын мындан ары да улантылышын каалайбыз жана андайча макулдашуулар Түркийа үчүн сыяктуу эле, Кошмо Штаттар үчүн да пайдалуу деп ишенебиз.

Кабарларга караганда, бул база тууралуу сүйлөшүүлөр жаңыдан гана башталууда. Бул, бир чети, Түркийа АКШнын сурануусун биротоло четке какпагандыгын түшүндүрсө, экинчи жактан, бул тууралуу алдыда кошумча сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, эки тараптын кызыкчылыктарына тең төп келчү орто жол табылышы мүмкүн экендигине ишаара кылат.

XS
SM
MD
LG