Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

ОРУСИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР - ИНТЕРНЕТТЕ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиядагы шайлоо өнөктүгүнүн башкы каармандары өздөрүн интернет - дүйнөлүк байланыш түйүнүндө кандайча көрсөтүштү? Дегеле, интернет аркылуу президенттикке талапкерлер тууралуу маалымат алууга мүмкүнбү?

Орусияда мындан он жыл эмес, төрт жыл мурда эле өткөн президенттик шайлоону эске алганда, андан бери коом турмушунда ири өзгөрүүлөр болгонун байкоо кыйын эмес. Өзгөрүүлөр орус жергесинде интернет – байланыш түйүнүнүн өнүгүшүнө да тиешелүү.

Дүйнөлүк банк жана бир катар эларалык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Орусия дүйнөдөгү эң компьютерлешкен мамлекеттердин катарында (12-орунда) турат экен. Буга удаа эле, жергиликтүү «Коом пикири» кору орусиялыктардын интернеттеги активдүүлүгү тездик менен өсүп жаткандыгын маалымдады.

- Бул көрсөткүчтөр учурдагы жагдайды так чагылдырбайт, - дейт орусиялык журналист Александр Плющев. - Шайлоо мезгилинде саясатчылар интернеттен көрө, башка маалымат каражаттарынын жардамына көбүрөөк кайрылышат. Саясатчылар «сайт жасоодо» анын пайдалуулугуна анчейин деле көңүл бурушпайт, жөн гана абройго ээ болуу максатын көздөшөт.

Ушундан улам Орусияда президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин интернеттеги сайттары менен таанышып чыктык. Бирок, эркин деп эсептелинген интернет түйүнүндө да саясатчылар тууралуу жетишээрлик маалымат табылган жок.

Мисалы, коммунисттердин атынан көрсөтүлгөн Николай Харитонов менен белгилүү саясатчы Владимир Жириновскийдин күзөтчүсү болуп келген Олег Малышкин мырзалар тууралуу учкай берилген маалымат партиялардын сайттарында гана берилген, анткени алардын жеке сайттары жок. Ал эми калган талапкерлер бул кемчиликти жоюуда жакшы аракеттенишкени байкалат. «Атамекен» партиясынын мурдагы лидери Сергей Глазьев шайлоо алдында эле сайт жасоого киришкендей туюлат. Кызыктуу жери, Глазьев сайтта дале «Атамекендин» лидери деп айтылыптыр. Сайттын айрым барактары, мисалы «саясатчынын мүлкү» деген бөлүгү бош бойдон турат.

Бирок бул өңдүү мүчүлүштүктөр калган талапкерлерге мүнөздүү эмес. Мисалы, учурдагы президент Владимир Путинтин интернетте үч негизги сайты жана дагы бир канчалаган баракчалары бар. Расмий жана жеке сайтары өздөрүнүн жасалгасы жана маалымдуулугу менен көрүүчүнү өзүнө тартат. Жакында эле Президенттин мектеп окуучулары үчүн дагы бир сайты ишке киришти.

Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов маалымат технологияларындагы жөндөмү менен Владимир Путинди да артта калтырды. Анын үч жеке сайты бар. Болгондо да алардын жасалгасы, техникалык жетишкендиктери интернет колдонуучуларын биринчи көргөндө эле таң калтырат. Сайтта Миронов мырзанын шайлоо өнөктүгү учурунда кимдер менен сүйлөшүп, кайсыл маселелерге токтолгондугу тууралуу үнү менен видео материалдарды эле эмес, алдыдагы бир жума ичинде саат канчада, кайсыл жерде болоору, дегеле иш-тартибин так билүүгө да болот. Сүрөттөрдө: Мироновдун ырасмий жолугушууларынан сырткары эс алуу учурунда, көл боюндагы романтикалуу мүнөттөрү да чагылдырылган.

Президенттикке талапкер Ирина Хакамада да маалымат таркатуу күрөшүндө башкалардан кем эместигин далилдеди. Анын мурдатан бери эле иштеп келген интернеттеги ырасмий сайтында шайлоого карата бир канча жаңы бөлүктөр пайда болгон. Алардын биринде Хакамада теледебаттарга катышуудан баш тарткан Владимир Путин менен айтышууга чыгат. Коом турмушуна тиешелүү талылуу маселелер боюнча Хакамада менен Путиндин интернет-айтышына сайтка киргендер добуш беришет.

«Негизи, быйылкы президенттик шайлоого карата талапкерлер интернетке башкача мамиле менен киришти» деп эсептешет аналитиктер. Анткени буга чейинки шайлоолордо интернет колдонуучулардын саны да алда канча аз болчу.

Төмөндө президенттикке талапкерлердин интернет-даректери берилди:

В.Путиндин сайттары: www.pseident.kremlin.ru www.putin2004.ru, www.uznay-prezidenta.ru,
С.Мироновдун сайттары: www.mironov.ru, www.mironov2004.ru
И.Хакамаданын сайты: www.hakamada.ru
С.Глазьевдин сайты: www.glazev.ru
О.Малышкин тууралуу маалымат: www.ldpr.ru
Н.Харитонов тууралуу маалымат: www.kprf.ru

XS
SM
MD
LG