“Ал-Каида” уюму Мадриддин темир жол бекетинде бейшемби күнү болгон жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Террордук уюм чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган видеотасманы дайындуу жерге катып, испан полициясына анын жайын кечээ кечинде телефон кагып кабарлаган.
Ал тууралуу Испаниянын ички иштер министри Ангел Асебес мындай деди:
- Биз азыр видеобилдирүүнүн чындыгын изилдеп атабыз. Биз ага өтө этият мамиле кылышыбыз зарыл.
Видеотасмада “ал-Каиданын” өкүлү поездердеги жардыруулар Испаниянын Кошмо Штаттары менен Ирактагы кызматташуусуна жооп иретинде жасалганын билдирет.
Бейшемби күнкү террордук жардыруулар 200дөй адамдын өмүрүн алып, 1,5 миңдей кишини жарадар кылды.
Террордук чабуулдардан улам бүгүнкү парламенттик шайлоого испаниялыктар өтө жакшы келип бергенин маалымат булактары кабарлашты.