Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

“Хизб ут-тахрирчилер” тынчыбай жатат


БИШКЕК. Ош шаарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун эки өкүлү (Өзбекстандын атуулдары) кармалышты. Мындай маалыматты бүгүн чегара кызматынын басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, Ош шаарындагы чегарачылар Ош шаардык ички иштер башкармасынын өкүлдөрү менен бирге шаардык прокурордун уруксатына ылайык эки аял турган батирди тинтишип, араб тилинде жазылган ондогон китеп, кол менен жазылган дептерлер, 67 аудиокассета жана «Хизб ут-Тахрир» уюмунун баракчаларын табышкан. Оперативдүү маалыматтарга караганда, алар турган үй «Хизб ут-Тахрир» уюмунун окутуу борбору катары пайдаланылган. Кармалган эки аялдын бири буга чейин Өзбекстандын Анжиян областында жашаган жана анын күйөөсү диний уюмдун адабияттарын тараткандыгы үчүн жазаланып, түрмөдө отурат.

XS
SM
MD
LG