Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4000ден ашуун өкмөттүк эмес уюм бар. Бирок кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар менен мамлекеттик бийлик органдарынын кызматташуусу тууралуу концепциянын долбоорун түзүүгө бир да өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү катышкант эмес. 20-апрель күнү өкмөттүк эмес уюмдардын жана мамлекеттик бийлик кызматкерлеринин катышуусунда аталган концепцияны талкуулоо боюнча тегерек үстөл болуп өттү. Ага катышкан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү дээрлик бир ооздон. Концепция долбоору жарандык коом тууралуу түшүнүгү аз кишилер тарабыныан даярдалгандыгы жөнүндө айтып жатышты. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикири боюнча, кабыл алынган концепция бийликтин максатына ыңгайлаштырылып түзүлгөн:
- Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында өкмөт тарабынан кабыл алынган концепция начар даярдалган. Анда көп каталар, айрым өкмөттүк эмес уюмдарга негизсиз кине коюлуп, «чөнтөк уюмдар» дегенге чейин барышкан. Бул туура эмес. Кызматташуу концепциясы болуп аткан соң аны коомчулук, жарандык коом менен чогуу даярдап, анан кабыл алуу керек болчу. Тилекке каршы өкмөт концепциянын долбоорун даярдоого эч бир өкөттүк эмес уюмду чакырбаптыр, - деген Эдил Байсалов адилет министрлиги өкмөттүк эмес уюмдардын устав, программаларына чейин кийлигише бере тургандыгына нааразы болду.
Ал эми «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фондунун өкүлү Кубанычбек Саламатовдун сөзү боюнча, мындай түзүлгөн концепция кагаз жүзүндө гана калуучу, иштебей турган документ болуп түзүлүп калган:
- Кыргыз өкмөтүнүн өкмөттүк эмес уюмдар менен мамлекеттик бийликтин кызматташуусу жөнүндөгү концепция риторикалык ыкмада түзүлүп калган. Эң өкүнүчтүүсү -бул концепция дагы бир кагаз жүзүндө кала турган документке айланып калуусу мүмкүн, - дейт Кубанычбек Саламатов.
Тегерек үстөлгө концепцияны түзүүчүлөр катары чакырылган премьер-министрдин аппаратынын бөлүм башчысы Асанбек Сарыбаев концепцияны өзгөртүүгө каршы эмес экендигин билдирип, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн биргелешип иштөөгө чакырды:
- Өкмөттүк уюмдар атуулдук уюмдар менен чогуу алдыда турган көйгөйлөрдү чечүү керек. Бүгүнкү жыйында өкмөттүк эмес уюм өкүлдөрүнүн концепция тууралуу койгон дооматтары туура. Ошондуктан, концепцияны өзгөртүүнүн үстүндө алар менен чогуу иштей турган болдук, - деди Асанбек Сарыбаев.
Тегерек үстөлдүн аягында бир нече өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Алар эмки жумадан баштап, концепцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын сунуштарынын үстүндө иштей башташат.