Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

А.АКАЕВДИ ДАГЫ БИР МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛООГО АРАКЕТТЕР ЖОК ЭМЕС


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Акыркы кездерде келерки президенттик шайлоодо кайрадан Аскар Акаевди шайлайбыз деген аракеттер байкала калууда. Атайын шайлоо фонду уюшулуп, ага акча жыйноо аракеттери болуп атканын Мыйзам чыгаруу жыйынында Адахан Мадумаров ачык айтып чыкты. Ал эми “Эркин тоо” гезитинде Аскар Акаев Алла Тааланын бизге жиберген пайгамбары, ошондуктан аны дагы бир мөөнөткө шайлап алалы деген мазмундагы макала жарык көрдү. Мындай пикир менен айрым саясатчылар макул эмес.

Соңку кездерде маалымат каражаттарында Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө шайлоону сунуш кылган макалалар жарыялана баштады. Ага мисал катары “Эркин тоо” гезитинин 28-майдагы санында эмгек ардагери Азатбек Тойчубаевдин “Президент болуп туулбайт, аны эл тандайт” деген макаласындагы айтылган ойду келтирүүгө болот. Анда автор “Алла таала Аскарды пайгамбар кылып бизге жиберди. Алла Таала кыргыз элине жиберген пайгамбарын эмне үчүн биз тааный албай жатабыз? Биздин жаңылыштыгыбыз ошондо. Эгерде эл-журт мени колдошсо, айтайын дегеним: бизди Кудай жаратты. Конституцияны эл жаратты. Андай болсо Конституцияны өзүбүз каалагандай кылып оңдоп алып, Алла Тааланын бизге жиберген пайгамбарын таанып, эч мөөнөтсүз эле элибиздин келечек жыргал турмушун курууга максималдуу пайдалансак” деген оюн кайталайт. Бирок мындай макалалар ар бир автордун өз пикири, жалпы редакциянын пикири эмес экенин “Эркин тоо” гезитинин баш редактору Эсенбай Калдаров билдирет:

-Азатбек Тойчубаев өзү Кемин районунун тургуну. Президент Аскар Акаевдин биринчи мугалими. Ал кандай пикирди айткысы келсе ал анын укугу. Бирок анын жазганы жалпы “Эркин тоо” гезитинин көз карашы эмес.

“Азаттык” радиосуна өз атын атагысы келбеген, бирок жетекчи кызматта иштээрин ачык айткан айрым инсандар телефон чалып, «Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө шайлоо үчүн аракеттер башталды. Атайын шайлоо фонду түзүлүп, ага ишкерлерди, ар кайсыл тармактын жетекчилерин акча жыйнагыла деп кыйнап жатат” дешкен эле. Биз андай билдирүүлөрдүн аныгына жетмейинче обого чыгарбай келген элек. Жакында Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат Адахан Мадумаров бул маселени ачык эле айтып, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болт Жанузаковго кайрылды:

-Мен кечээ айтсам андай маалымат менде жок экен деп айтып жатасыз, Болот Чыныбаевич. Мына 10 миллион доллардын тегерегинде тездетип акча жыйноо ошол мойнуна жүктөлгөн адамдарга абдан катуу таасир кылып жатыптыр. Алар мына бизге келип айтып жатпайбы. 200 жүз миң доллар сен жыйнайсың, 100 миң доллар сен жыйнайсың, 30 миң дагы бириң бересиң дегени, ал гана эмес, унверситеттердин деңгээлине чейин түшкөндөн кийин эмнени айтууга болот? Бул акчаларды “улуу урматтууну колдоо үчүн атайын фондго” дегенинин өзүн кандайча түшүнүүгө болот!.

Азырынча Адахан Мадумаровдун мындай кайрылуусуна бийлик тараптан эч ким жооп бере элек. Ал эми мамлекет башчысы Аскар Акаев өткөн жылы дагы бир мөөнөткө шайланууга Башмыйзам мага жол бербейт, бул маселеге ушул жерден биротоло чекит коёлу деген эле.

Президент бул маселе боюнча бир жылдан бери унчукпай келгенин байкоочулар белгилеп, анын себебине жооп таба албай келгенин айтып келет. Ошол эле учурда президенттик шайлоого катышуу оюн билдирген айрым саясатчылар тууралуу сын макалалар бийликке жан тарткан маалымат каражаттарында байма бай жазыла баштаганына айрым саясатчылар кооптонуу менен мамиле кылып келет. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев өз оюн мындайча билдирет:

- Келечекте 2005-жылы президенттикке чыга турган кыргыздын белдүү, журттун керегине жарай турган балдарынын башына балээ келатат. Акыры мындай боло турган болсо анда бала-бакчада ойноп жаткан балдарыбыз дагы келечекте "мен президент болом" десе көөлөгөнгө, камаганга алып бара турган заман келе жатканы мени теритип атат. Акыры Данияр Үсөновдой, Феликс Куловдой, Ишенбай Кадырбековдой, Курманбек Бакиевдей балдардын кыргыз элине акыры эртедир-кечтир кереги тийе турган балдар да.

Ошентип, 2005-жылы болуучу президенттик шайлоого катышам деген саясатчылар тууралуу жана өз мөөнөтү бүтүп бараткан азыркы президент тууралуу да коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып келет.

XS
SM
MD
LG