Өлкөнүн басма сөз каражаттарында бир топ чуулгандуу макалаларды жаратып, атүгүл, Жогорку Кеңештин кароосуна дейре жеткен "Импаш-Манас" соода-мейманкана комплексинин чырына чекит коюлду.
Кыргыз өкмөтүнүн мындай кескин чечим кабыл алуусуна эки тараптуу келишимдин так аткарылбай, андагы көрсөтүлгөн талаптардын одоно бузулгандыгы себеп болду.
Мына ушундай эле тагдыр малазиялык "Сафуан Берхард" финансы группасы тарабынан сатылып алынып, реконструкциялоо иштери жүргүзүлө турган "Бишкек" мейманканасын да күтүп жатат. Мурда кол коюлган келишимге ылайык сатып алынган объектилердин куруу мөөнөтү узарып кетсе Кыргыз өкмөтү аны кайрадан мамлекеттик менчикке алып коюу маселеси каралган эле. Мына ушул келишимде көрсөтүлгөн жоболорго ылайык Кыргыз өкмөтү бул объектилерди мамлекеттик менчикке кайра алууга мажбур болгон.
Бул кырдаалга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков төмөндөгүдөй баа берди:
- Башынан эле "Импаш-Манасты" биздин футбол талаасына алып келген туура эмес болгон. Биринчиден, биздин мыйзам одоно бузулган. Указ, мыйзам менен, сатылбай турган футбол талаасы чет өлкөлүк фирмага сатылып кеткен. Проекти бүтө электе эле кура башташкан. Ал жер стратегиялык жер. Ал жерге 12-15 этаждуу мейманкана курулмак. Мурда ал жерде жабык Ленин атындагы завод бар болчу. Заводду кайра иштетүү үчүн Орусия менен келишим түзөлү деп аткан болчу. Эгерде жанында бийик мейманкана түзүлгөндө, ал завод иштегенге мүмкүнчүлүгү жок болуп калмак. Менин таңкалганым "Импаш-Манас" сунуш кылынган 5 жакшы жердин бирөөнө да макулдук бербей, ошол жерди алабыз деп биздин эң жакшы футбол талааны талкалап коюшкан. Ошол кезде "Кадырбеков туура эмес кылды, инвестор келатканда токтотту" деп менин артыман чоң сын-пикирлер айтылды. Бирок турмуш көрсөттү, бул фирманын келечеги кандай болгонун. Белгисиз жактан чыгып аткан акчанын бул жакка которулуп пайда кылганынын оюну болчу, - деди Ишенбай Кадырбеков.
Буга дейре өлкөдө чет элдик инвесторлорго иштөө үчүн ылайыктуу шарттар жасалбай, аларды тартуу иши жанданбай келет деген сын пикирлер айтылып келинсе, бул көрүнүш ал пикирлердин карама-каршылыктуу жагын көрсөттү.
Өлкөнүн маанилүү объектилерин арзан сатып алган чет элдик инвесторлор мындай кырдаалды өздөрү жасалма түрдө шарттап, андан соң бир кыйла убакыттын өтүшү менен ошол эле текейден арзан алынган объектилерди кымбат баада башка кожоюндарга сатып жиберүү мисалдары да бар экендигин адисттер айтууда.
Кыргыз өкмөтү мына ушул жагдайдан улам чет элдик инвесторлорго сатылган объектилерди катуу көзөмөлгө алууну өлкөнүн мамлекеттик курулуш комиссиясынын чет элдик байланыш жана курулуш иштериндеги инвестиция мамлекеттик департаментине тапшырган эле. Бул кырдаалдын түзүлүшүнө аталган мамлекеттик департаменттин солгун көзөмөлү да түздөн-түз таасирин тийгизген.
Азыркы күндө кыргыз өкмөтү эки тараптуу келишимди аткарбай, курулуш иштерин артка тарткан малайзиялык финансы группасын сотко берүүгө даярданып жатат. Малайзиялык финансы группасын Кыргызстанга алып келүүгө түздөн-түз кызмат өтөгөн Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов бул кырдаалга мындай баа берди:
- Азыр соттук процесс башталып атат. Кичине коё туруу керек болуп атат, анткени мыйзам боюнча алардан эч ким ала албайт. Себеби алардын контракты, макулдашуусу бар.
Ал эми бул маселеге карата өз оюн Кыргыз Республикасынын менчикти башкаруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары Азизбек Мадмаров:
- Азыр Бишкек мейманканасы боюнча "Сафар берхард" фирмасы өзүнүн алган милдеттемелерин аткарбаган үчүн биз сотко кайрылдык, - деген оюн билдирди.
Кыргыз өкмөтү мындан ары да өз келишимдерине ылайык милдеттеме алган, бирок аны өз мөөнөтүндө так аткарбаган чет элдик инвесторлорго катуу талапты койду.