Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

АКШ бажы кызматына техникалык жардам берди


БИШКЕК. АКШ элчилиги бүгүн массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоого, чегара коопсуздугун бекемдөөгө жана мыйзамсыз товарларды транзиттик ташуунун бетин ачууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстанга 51 миң 600 долларлык техникалык жардам көрсөттү. «Экспорттук көзөмөл жана чегара коопсуздугу» программасынын алкагындагы бул жардамды Каржы министрлигинин алдындагы бажы кызматынын департаменти кабыл алды. Жардамдын курамында УАЗ-396259 үлгүсүндөгү төрт автоунаа, СТ-30 үлгүсүндөгү текшерүүчү эки жабдык бар. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, келечекте АКШ өкмөтү «Экспорттук көзөмөл жана чегара коопсуздугу» программасынын алкагында жабдыкка жана окутууга бир нече миллион долларлык жардам берүүнү болжоп жатат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG