Шайлоо алгач июнда өткөрүлүүгө белгиленген, бирок Бириккен Улуттардын чечими менен октябрга калтырылган. Парламенттик шайлоо эмдиги жылы апрелде өтүүгө тийиш.
2001-жылы америкалык аскерлердин жардамы менен Ооганстандагы Талибан бийлиги кулатылгандан кийин, 5-декабрда Бонн шаарында эл аралык жыйын уюштурулуп, Ооганстандын убактылуу өкмөтү түзүлгөн жана аны жетектөөгө пуштун Хамид Карзай тандалган. 2002-жылдын июнунда болсо Ооганстанда Лойя жырга чогулуп, ал Карзайды өткөөл президент кылып бир жарым жылга шайлаган.
Шайлоого катышууга 18 талапкер катталган, алар - азыркы президент Хамид Карзай, мурдагы билим берүү министри Юнус Кануни, өзбек генералы Абдул Рашид Достум, мурдагы премьер-министр Ахмад Шах Ахмадзай, бир топ жыл Парижде жашап келген тажик Абдул Латиф Педрам, мурдагы падыша Закир Шахтын инилеринин бири Хамаюн Шах Азифи, шийилердин өкүлү Хажи Мухамад Мохакик, пуштулар арасында белгилүү болгон Гайлани үй-бүлөсүнөн чыккан Сайед Гайлани, 25 жыл сүргүндө жашаган Абдул Сатар Серат, окумуштуу Мир Мухаммад Махфуз Недайе, жалгыз аял талапкер тажик Масуда Жалал.
Калган жети талапкер - Сейед Абдул Хади Дабир, Абдул Хафиз Мансур, Гулям Фарук Нижраби, Абдул Хади Халилзай, Вакил Мангал, Мохаммед Эбрахим Рашид жана Абдул Хассеб Ариан коомчулукка анчалык белгилүү эмес. Ариан менен Гайлани 6-октябрда өз талапкерлигин алып салды.
Шайлоодо уруучулук өтө чоң мааниге ээ болоору бышык, ошондуктан өлкөнүн 28 миллион калкынын 40 пайызын түзгөн пуштулардын көпчүлүгү Карзайды колдоору күтүлүүдө. Анткен менен Карзай талаптуу 50 пайыздан ашык добуш чогулта албай да калышы мүмкүн, андай болгондо алдыңкы орунга чыккан эки талапкер ортосунда ноябрда экинчи айлампа өткөрүлөт.
Карзай 5-октябрда элге кайрылып, шайлоо эркин жана таза өтөөрүн билдирди:
-Эркин шайлоодо ким жеңсе дагы биз аны президент катары кабыл алып, түзүлө турган өкмөттө аны менен кызматташууга тийишпиз. Туугандар, мен силерге шайлоодо эркин добуш берүүнү каалайм. Эч кандай басым болбойт.
Карзайдын негизги талапкери болуп эсептелген Юнус Канунинин пикиринде, бул шайлоо - Ооганстандын эгемендүү мамлекет экенинин далили:
-Силердин алдыңарда эки жол бар. Же силер чет өлкөлүктөргө багынып, алар эмне десе, ошого макул болосуңар, же өзүңөрдүн жихадыңарды сыйлап, эркин адам катары өз өлкөңөрдүн келечегин өзүңөр тандайсыңар.
Масуда Жалал болсо жеңишке жетүү үчүн аял шайлоочулардын сезимин козгойт:
-Эгер мен жеңсем, ал бардык ооган аялдарынын жеңиши болот. Ал мурда жапа чеккендердин баарынын жеңиши болот.
Бардыгы болуп өлкөдө он миллион 568 миң шайлоочу катталган, дагы 750 миң ооган кошуна Пакистанда жана андан тышкары 600 миңге жакын адам Иранда добуш бериши мүмкүн. Шайлоо учурундагы коопсуздукту 18 миң чет өлкөлүк коалициялык аскер, дагы сегиз миң НАТО аскери, саны 14 миңге жеткен Ооганстандын улуттук армиясы жана 30 миңге жакын полициячы камсыз кылат. Анткен менен Талибан жана "ал-Каиданын" калдыктары шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максаты менен акыркы бир жылдын ичинде өлкөдө бир миңге жакын адамды өлтүрдү.