Ооганстандагы президенттик шайлоодо негизги коркунучту талибдер менен “ал-Каида” террор уюмунан күтүшкөн. Бирок добуш берүү жараянына тоскоол болчудай балакет болуп кеткен деле жок. Анын ордуна бойкот проблемасы добуш берүүнү токтотуу коркунучун жаратты.
Ооганстан эли алгачкы ирет өз президентин тикелей шайлап жатат. Калктын көпчүлүк бөлүгүнүн билими тайкы, дагы көптөрдө жеке документтери жок. Андыктан добуш берүүгө келгендердин көбү бюллетендерге баш бармагынын мөөрүн коюшту. Мөөрдү басып бүткөндөрдүн тырмагын өчпөс боёк менен боёп коюшат. Бул дегени алар бир эле жолу добуш берүүгө укуктуу дегенди түшүндүрөт.
Бул жолку шайлоодогу негизги проблема дал ушул иш менен байланыштуу болду. Анткени көпчүлүк шайлоо чөлкөмдөрүндө адамдардын тырмагын боёчу сыя тез эле өчүп калып жатыптыр. Демек, алар бир канча ирет добуш берген болушу да мүмкүн деген шек пайда болду. Мунун өзү Хамид Карзайдын атаандаштарына ага басымды күчөтүүгө жол ачкандай болду.
Фарук Вардак – Шайлоону уюштуруу боюнча Улуттар уюму жана Ооганстан ортосундагы биргелешкен комитеттин төрагасы. Ал эртең менен шайлоо чөлкөмдөрү ачылгандан кийин Кабулдун чыгыш тарабына барган учурда ошол эле замат бул көрүнүшкө нааразылык билдирип жатышкан шайлоочулардын курчоосунда калды:
- Мен эртең менен барган жерде көптөгөн адамдар бюллетенди толтуруу үчүн берилген боёк оңой эле өчүп калат экен деп, нааразы болуп жатышты. Көрсө алар адамдарга туура эмес боёкту берип жатышкан экен. Бул үчүн өчпөй турган боёк берилиши керек болчу. Айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө андай боёкту такыр эле таба алган жокпуз. Эгерде бул көрүнүш көпчүлүк чөлкөмдөрдө болгон болсо, демек, бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого негиз түзөт деп айтууга да болот.
Хамид Карзайдын 15 атаандашынын айрымдары добуш берүү учурундагы жетишсиздиктерди эске алуу менен шайлоону токтотууну талап кылышты.
Мисалы, президенттикке талапкер Сатар Сират шайлоо мыйзамсыз өттү деп эсептейт:
- Биз Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы өкүлдөрү Франсеск Вендрелл менен Жейн Арнону биздин жыйынга кошулууга чакырдык. Алар өздөрүнүн кесиптештери менен келип, бизге добуш берүү жараяны аяктаганга чейин күтө турууну, анткени кийин гана алар изилдөө өткөрө алаарын айтышты. Биз убакыт өтүп баратканын, натуура добуш берүү дале уланып жатканын айттык.
Шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитет да президенттикке талапкерлер менен жолугушту. Бирок анын өкүлдөрү шайлоону токтотууга каршы экендиктерин айтышты. Анткени алардын ойлорунда, бул миллиондогон адамдардын үмүтүнө балта чапмак жана тандоо укугун бузмак.
Бирок комитеттин төрагасынын орун басары Рей Кеннеди убактылуу президент Хамид Карзайдын атаандаштары айтышкан катачылыктар сөзсүз иликтенээрин билдирди:
-Комитет добуш берүү жараянынын толук аякташын каалайт. Анткени ошондон кийин гана биз алынган жыйынтыктын жана байкоочулардын бааларынын негизинде изилдөө иштерин жүргүзө алабыз. Айтылып жаткан баардык наазарылыктар сөзсүз текшерилет жана биз шайлоо канчалык деңгээлде элдин үмүтүн актай алганын аныктайбыз.
Ал эми кийинчерээк Хамид Карзай анын атаандаштары шайлоонун жыйынтыгын кандай болгондо да кабыл алууга милдеттүү деп билдирди:
- Шайлоо күнүндө ага бойкот жарыялоого өтө эле кеч болуп калды. Ооганстандыктар шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, өздөрүнүн тандоосун жасашкандан кийин, бул өңдүү ойлордун болушунун өзү туура эмес. Биз элдин каалоосун урматтап, Шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитетке изилдөө ишин өткөрүү үчүн убакыт беришибиз керек.
Бирок айрым талапкерлер шайлоону кайра өткөрүү зарылдыгын айтып жатышат.
Шайлоо жалпысынан тынч өткөнү менен Урузжан аймагында кагылышуу болуп, анын жүрүшүндө талибдердин 25 адамы өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар айтылды. Дагы бир жердеги чатактан 13 адам, алардын ичинде шайлоо участкасын коруп турган үч милиционер да каза болушкан.
Негизинен президенттик шайлоого 10,5 млн. адам катышышы керек эле. Алардын 41% аялдар түзүшөт.