Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:23

Украинада эртең президенттик шайлоо өтөт


Андан улам Украинанын ички иштер министри шайлоонун коопсуздугун 140 миңдей полициячы күзөтөрүн билдирди. Андан сырткары оппозициячылар ири демонстрация өткөрүүнү белгилеп жаткан дүйшөмбү күнү Киевге дагы кошумча 2200дөй ички иштер аскерлери жөнөтүлөрүн кошумчалады. Украинанын президенти Леонид Кучма эки башкы талапкердин жактоочуларын бири-бирин айыптоону токтотууга үндөдү. "Кээ бир кишилер эртеңки шайлоону өзгөчө бир шумдуктуу окуяга айландырууга жан талашууда. Мындай аракеттер биздин мекендештерди дос-душманга бөлүп, эки элдешкис лагерге ажыратууну көздөйт. Демократиялык коомдо эл саясий программалар, саясатчылар арасынан тандашы керек", - деди украин президенти. АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өкүлчүлүгү украин өкмөтү шайлоону калыс жана ачык өткөрбөсө, өтө катаал чараларга туш болорун эскертти.
XS
SM
MD
LG