Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Турсунбек Акундун абалы коомчулук өкүлдөрүн тынчсыздандырууда


БИШКЕК. Фридом Хаус уюму Турсунбек Акундун жоголуп, кайра табылышына байланыштуу көз карандысыз иликтөө жүргүзөт. Мындай маалымат бүгүн уюмдун Бишкекте иштеп жаткан укук коргоочуларды колдоо долбоорунун кеңсесинен алынды. Ал эми Республика партиясынын төрагасы Гияз Токомбаев, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов, «Эрайым» коомунун төрайымы Ракыя Жусупова өңдүү бир катар саясий жана коомдук уюмдардын жетекчилери Турсунбек Акунду көз карандысыз дарыгерлер тобуна текшертип, бейтарап жерде дарылоо зарыл деген пикирлерин билдирди. Алар Турсунбек Акундун ден соолугу канагаттандырарлык эмес, мээсинин чайкалуусу ыктымал деген божомолдорун айтышкан. Жубайынын айтуусуна караганда, Турсунбек Акун алсыз, ошондуктан, ал үйүндө дарыланып жатат.
1-декабрь күнү Республикалык 4-оорукананын дарыгерлер тобу Турсунбек Акундун саламаттыгы жайында деген тыянак менен, аны үйүнө чыгарган. Турсунбек Акун 15 күн дарексиз жоголуп, 1-декабрь күнү кечинде табылган.

XS
SM
MD
LG