Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

Улуу Британияда ички иштер министри кызматтан кетти


Улуу Британиянын жаңы ички иштер министри болуп Чарльз Кларк дайындалды. Премьер-министр Тони Блэр аны кызматтан кеткен Дэвид Бланкеттин ордуна алып келди. Мурдагы ички иштер министри Бланкетт бир катар басылмалардын катуу-сын-пикирлеринен кийин отставкага кетүүгө аргасыз болду. Гезиттердин жазышынча Дэвид Бланкетт мурдагы көңүлдөшүнө мыйзамдарды бузуп жардам көрсөткөн жана ушунусу менен кызмат абалынан кыянат пайдаланган. Өлкөнүн жаңы ички иштер министри Чарльз Кларк болсо буга чейин билим берүү министрлигин жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG