БИШКЕК. 4-январга Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын пленардык отуруму белгиленүүдө. Анда депутаттардын Социалдык фонддун 2004-жылкы бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү, 2005-жылга бюджетин кабыл алуу маселесин кароосу күтүлүүдө. Депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымына караганда, кээ бир депутаттардын Социалдык фонддун бюджетин талкуусуз кабыл алып берүү сунушу туура эмес, бул маселени биз талкуудан кийин гана кабыл алуубуз керек, деп белгиледи 3-январда Орозбек Дүйшеев. Депутаттын пикиринде, 4-январда пленардык отурум болсун деп 31-декабрда кабыл алынган токтом аткарылбай калышы ыктымал. Анткени ага чейин кабыл алынган токтом негизинде депутаттар 17-январга чейин округдарда иштеш керек эле. Мына ушул карама-каршылыктын айынан шейшемби күнү кворумдун болбой калышы ыктымал.