Швейцариянын Давос шаарында кезектеги Дүйнөлүк экономикалык форум бүгүн аяктайт, ал беш күнгө созулду. Жыйында бүгүн эртең менен Алмания канцлери Герхард Шрөдер чыгып сүйлөдү, кечинде болсо Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган, Украина президенти Виктор Ющенко жана башка жетекчилерге сөз берилет. Кечээ күнү форум катышуучуларына АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон кайрылып, Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.