Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

“Кылым шамы” бейөкмөт уюму билдирүү таратты


БИШКЕК. Ишембиде “Кылым шамы” бейөкмөт уюму билдирүү таратты. Анда Бишкек шаардык Свердлов районунун администрациясы жана тартип коргоо кызматкерлеринин 5-февралдагы митингге каршы аракеттери Кыргызстандын Башмыйзамына жана тынч, куралсыз, эркин митинг, пикеттерди өткөрүү боюнча мыйзамга каршы келээри айтылган.

Бишкекте 5-февралда “Жеңиш” аянтында «Эркин жана акыйкат шайлоолор үчүн» деген атуулдук митингге катышкан 350 адам атуулдардын конституциялык укуктарынын сакталышын, шайлоонун адилет, таза өтүшүн талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG