Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Жалалабатта нааразылык акциясы уланууда


ЖАЛАЛАБАТ. Бийликти жаңылоону талап кылган митинг кыз-
келиндердин, жаштардын, өспүрүм балдардын ураан-чакырыктары, аялдарды майрамы менен куттуктоо жана аларга оюн-тамашаларды тартуулоо менен коштолду. Митингдин катышуучулары менен жолугушкан «Ата Журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева өлкөнү башкара албай калган Аскар Акаевден бийликти алууга оппозиция жарамдуу экендигин белгиледи. Кыймылдын теңтөрагасы Дооронбек Садырбаев менен кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Текебаев бийликти аялдарга берүүнү сунуш кылышты. Мыйзамчы депутат Бектур Асанов бийлик 10-мартка белгиленген Жогорку Кеңештин сессиясын өткөрүүгө каршылык көрсөтсө оппозиция конкреттүү чечимдерди жасаарын билдирди. Жыйынга митинг уюштуруучулардын маалыматы боюнча жети миң, эксперттердин болжолунда төрт миң, бийликтегилердин пикиринде миңден ашык адам катышты.

XS
SM
MD
LG