Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Иракта кол салуулар жана өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Өлкө башкалаасы Багдадда бүгүн миналанган автоунаанын жарылуусунан эки адам өлүп, дагы экөөсү жаракат алды. Башка бир жардыруудан, ал өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Саада ал-Амалиге каршы багытталгандай, министрдин төрт сакчысы жарадар болду. Түндүктөгү Мосул шаарында күрд телекомпаниясынын операторун атып кетишкен. Бомба жардырууларынан Багдаддын түштүгүндө эки жергиликтү тургун, Байжи деген шаардын жанында бир түркиялык айдоочу каза тапты. Мунун аралыгында бүгүн шийит жана күрд лидерлеринин коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрү уланууда. 30-январдагы шайлоодо шийиттердин "Бириккен Ирак альянсы" парламенттеги орундардын көпчүлүгүн алган. Бирок өкмөт куруу башкалар менен коалиция түзүүнү талап кылат. Шайлоодо экинчи орунду күрд партиялары ээлеген болчу.
Ирактын жаңы шайланган парламенти өзүнүн алгачкы сессиясына ушул шаршембиде жыйналган жатат.

XS
SM
MD
LG