Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫККАНДАР ОШ ОБЛАКИМЧИЛИГИН АЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 18-мартта Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык акциянын катышуучулары Ош облустук акимчилигинин имаратын ээлеп алышты. Алар негизинен – Каракулжадан талапкер болгон Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары. Ошентип Жалалабат, Өзгөн, Базаркоргон жана Кочкор мамлекеттик акимчилигинен кийин Ош облустук акимчилигинин имараты да шайлоочулардын колуна өттү. Төмөндөгү макалада - 17-мартта Ошто кырдаал кандай болгону айтылат.

18-мартта Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык акциянын катышуучулары Ош облустук акимчилигинин имаратын ээлеп алышты. Алар негизинен – Каракулжадан талапкер болгон Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары. Ошентип Жалалабат, Өзгөн, Базаркоргон жана Кочкор мамлекеттик акимчилигинен кийин Ош облустук акимчилигинин имараты да шайлоочулардын колуна өттү.

17-март күнү Ош шаарында Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясы улантылды. 2002-жылы март айындагы Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү митингдери болуп өттү. Ошол эле учурда Кыргыз драма театрынын алдында президентти колдоо боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган митинг болуп, бюджеттик мекеме, уюмдардын кызматкерлеринен турган митингдин катышуучулары бир сааттан кийин таркап кетишти.

Алгач нааразылык акциясына чыккандар 2002-жылы 17-мартта окко учкан аксылык алты жигитти жана он сегиз күн бою ачкачылык жарыялап отуруп, каза болгон белгилүү публицист Шералы Назаркуловду эскерип, алардын атына багышталып куран түшүрүлдү.

Митингдин жүрүшүндө президент Акаевди бийликтен кетирүү боюнча Ош облустук штабынын башчысы Дүйшөнкул Чотонов эл нааразы болуп козголуп чыгып турган учурда оппозициялык лидерлердин биримдигинин жок болуп жаткандыгын айыптады:

- Эртең элди ээрчитем деген, эл башкарам, эртең президент болом дегендер алдыга чыксын. Ошолор турушсун, мен Кудайдан ошону тилейм.

Андан соң Оштогу митингге Кыргызстан элдик кыймылынан атайын өкүл болуп келген Бектур Асанов Жалалабат облусунда мамлекеттик бийлик элдик башкарууга өткөндүгүн жарыялады:

- Кечээ Жалалабат облусунда бийлик элдин колуна өттү. Эртең, бүрсүгүнү Ош облусунда өтөт. Ноорузга чейин Баткенде, Таласта өтөт. Биз Акаевди кетиргенге кудуретибиз жетет.

Эскерүү митинги жүрүп жаткан учурда нааразылык акциясынын эки жүздөн ашуун катышуучусу «Ош-3000» мамлекеттик телекомпаниясынын алдына келип, болуп жаткан окуяларды бурмалабай чагылдыруу, алардын үнүн элге толук жеткирүү талаптарын коюшту:

- Эгерде элдин көйгөйүн телевидениеден улуттук канал аркылуу билдирип турбаса биз мыйзамдын чегинде ачык чараларды колдонуп, телевидениени элдин колуна өткөрүп берүүгө аракет кылабыз. Себеби элдин эсебинен жыйналган акчага курулган телекөрсөтүү элдин арыз-муңун элге толук жеткиришке акылуу - деди Бермет Жакыпова.

Ош облустук акимчилигинин алдында нааразылык акциясы улантылып жаткан учурда аларга каршы жергиликтүү аткаруу бийлиги тарабынан уюштурулган митинг болуп өттү. «Элим менен, элим үчүн» коомдук корунун жетекчиси Аманбай Сатыбаев аталган митингдин катышуучуларын президент Акаевди коргоого чакырып, бирок чогулгандардын арасынан өз үнүнө колдоо таба алган жок:

- Менин сүйлөгөнүмдүн бардыгы жүрөктөн, туура, далилденген нерселер. Келгиле тынчтык, достук, биримдик үчүн.

Аталган митингге үч жүздөн ашуун бюджеттик мекеме, уюмдардын кызматкерлери келишти. Алардын көпчүлүгү жетекчилик тарабынан берилген буйруктун негизинде гана келип, митингге катышууга мажбур болушкандыгын айтышты:

- Ишкана, окуу жайларына белгиленген сандагы адамдар бөлүнгөн. Ошолор сөзсүз барыш керек эле, ошол боюнча келдик. Чындыкта уюштуруучулардын кел дегенине байланыштуу ыктыярсыз түрдө келип отурабыз, - деди өз атын атабоону суранган мамлекеттик кызматкер.

Сүрөттө: Бийликти элдин колуна өткөрүү аракети Жалалабатта башталды.("Азаттыктын" архивинен).

XS
SM
MD
LG