Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

АКШ Кыргызстандагы окуяларга тынчсыздануу билдирди


Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө АКШ Кыргызстандын Жалалабат облусу менен башка аймактарындагы тирешүүлөргө тынчызданары айтылган. Билдирүүдө Вашингтон тараптарды эки ортодогу пикир келишпестиктерди тынч, диалог жолу менен чечүүгө чакырары белгиленет. Өкмөт менен оппозицияны сүйлөшүүгө кечээ ЕККУ уюму да үндөдү. Кыргызстандын премьер-министри Николай Таневдин соңку билдирүүсүнө караганда, өкмөт Жалалабатта нааразылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүүгө барат. Бирок оппозициянын айрым өкүлдөрү сүйлөшүүгө демонстранттар отставкасын талап кылып жаткан президент Аскар Акаевдин өзү катышышы керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG