Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:39

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Ысыккөл облусунда иш сапар менен жүрөт.


КАРАКОЛ. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев Көл өрөөнүнө болгон иш сапарын Тоң районунан баштап, райондогу Тогузбулак айылындагы жаңы мектепке 400 миң сомдук жардам көрсөттү. Ал эми президенттик шайлоого Феликс Кулов менен бирге баруу боюнча кечээ түнгө чейин Феликс Кулов менен узак сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, биргелешкен келишимге кол койгондугун билдирди. Ал келишимде Феликс Кулов президенттик шайлоого ат салышпай тургандыгы макулдашылып, Курманбек Бакиев эгерде президент болуп шайланса Феликс Кулов премьер-министрликке көрсөтүлөөрү жазылган. Бакиев ушул эле күнү Каракол шаарынын борбордук аянтында эл менен жолукту. Президенттин милдетин аткаруучунун иш сапары 14-майда Чолпоната шаарына уланат. Бул маалыматтар президенттин басма сөз катчысы Авазбек Атахановдон алынды.

XS
SM
MD
LG