Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Луис Арбоур өткөн жума күнү Анжиянда болгон кагылышууларга өтө тынчсызданып турганын билдирип, окуянын көз карандысыз иликтенүүсүн талап кылды. Укук коргоочу "өзбек бийликтери адамдарга каршы негизсиз күч колдонгон" деген маалыматтарга камтамачылыгын айтты. Анын аралыгында, Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро Вальднер дагы Анжияндагы окуялардын көз карандысыз комиссия тарабынан иликтенип чыгыуусунун зарылчылыгын баса белгиледи:
- Мен АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райстын чакырыгына кошулуп, көз карандысыз иликтөөнү талап кылам. Менимче бул өтө маанилүү нерсе, анткени биз окуя чындыгында кандайча болгонун билүүбүз керек. Ошондо гана ага объективдүү жана туура баа берүгө болот.
Көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу да талап кылды.