Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигинин кадр саясатын талкуулай турган болду


БИШКЕК. №6-Асанбай шайлоо округунан шайланган депутат Мелис Эшимканов жана №21-Токтогул шайлоо округунан шайланган депутат Таирбек Сарпашев Жогорку сотко байланыштуу маселени териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү. Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук жана конституциялык түзүлүш комитетинин башчысы Камбараалы Конгантиев аталган маселени жаңы бийлик жүргүзгөн кадр саясатынын өлкөдөгү саясий кырдаалга тийгизген таасири деген темада адегенде комитете, андан соң палатада талкуулоону сунуштады. Комитет төрагасынын мындай сунушун залда отурган депутаттардын кырк үчү колдоду. Маселе Жогорку Кеңештин жакынкы күндөрдөгү отурумунда карала турган болду.

XS
SM
MD
LG