Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ: “ЫҢКЫЛАПТЫН ТҮБҮ - АКСЫ ОКУЯСЫНДА ”


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Президенттикке дагы бир талапкер Жусупбек Шарипов шайлоого катышуудан баш тартты. Өлкөдөгү кырдаалдын жакшы жагына өзгөрүшү, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми, К. Бакиев менен бир нече жолу жолугуп пикир алышканы, 14-июндан бери элди кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусу Ж. Шариповго мына ушундай кадамга баруусуна түрткү берди. Анын Президенттикке талапкер болушуна Москвада жаткан А. Акаевдин таасир болдубу? Ал эми 17-июндагы окуянын таасир канчалык? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде Жусупбек Шарипов 23-июнда «Азаттыктын» Бишкектеги студиясына келип кеңири маек куруп берген эле.

- Жусупбек мырза, бүгүн сиз президенттикке талапкерлигиңизди өзүңүздүн арызыңыз менен кайра алдыңыз. Ушуга эмне себеп болду?

- Бир ай мурда президенттикке бел байладым деп элге кайрылдым эле. Бул өзү негизи ойлонуп жасалган кадам болчу. Ал мезгилде өзүңөр билесиңер, өлкөдө абдан татаал шарттар болуп, бөлүнүп-жарылуу деген нерселер өзүнүн чегинен чыгып кетип аткан. Эми азыр кырдаал негизинен өзгөрдү. Бакиев менен Куловдун саясий келишими, андан кийинки жасаган кадамдары бүгүн коомдогу тирешүүнү азайтты десек болот. Бир канча күн мурун Курманбек Бакиев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду. Негизинен конструктивдүү, мазмундуу сөздөр болуп, андан кийин негизги багыттар боюнча көз карашыбыз бирдей экенине ынандым. Элдин тагдырын, балдарыбыздын келечегин ойлоп, мен ушундай кадамга бардым.

- Cизди мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаев өзүнүн командасы менен президенттик шайлоого атайын даярдап, ошонун өтүнүчү менен чыгып атат деген сөздөр чыгып кеткен. Өзүңүздүн талапкерлигиңизди койгонуңуз Аскар Акаев менен байланыштуубу?

- Шайлоодо аттандаштар ар кандай сөздөрдү чыгарат. Добуш өткөрүп атаканда кыйшык суроолор да болуп атты, сизге акча бөлүнүп берилип аттыбы деген. Негизинен андай эмес, мен Москвага барганым жок, байланым жок.

-Талапкерлигиңизди алууга 17-июндагы окуя таасир эттиби?

- Таасир этти. Мындай нерселерди токтотушубуз керек. Эгерде ушундай башаламандыкты жасап, ишканаларды басып ала берсек биз мамлекетибизди жок кылып алабыз. Акүй биз үчүн ыйык нерсе болуш керек.

- Талапкерлигиңизди койгондон баштап эле Жалалабаттан, башка региондордон телефон чалуулар болуп атты. Жалалабатта Жусупбек Шарипов элдер менен жакшылап сүйлөшүп, ошол жердеги окуяны, элдин нааразычылыгын бийликке, жетекчиликке жеткирсе балким 24-мартта ыңкылап болбой калат болчу. Бул Жусупбек Шариповдун эң чоң катасы болду, эми кантип президенттикке өзүнүн талапкерлигин коюп атат?- деген суроолор.

- Бул кара пиярдын артынан уюшулуп аткан нерсе экенин бардыгы билет. Ошол окуя болоорун биз билгенбиз. Маалымат келген, ушундай чыгат, облустук администрацияны алып, анан президенттин отставкасын талап кылуу, токтоосун митинг болот деген. Кандай болгонун, эмне болгонун, ал окуянын таржымалын мен жакшы билем. Мүмкүн Кыргызстан элдик кыймылынын кээ бир жетекчилери билбейт. Губернатор кетсин деп айткан сөздөр боюнча мен айтып койгум келет, кийин “МСНден” лидерлердин бирөөсү интервью бериптир, ал жигит өзү так, болгон нерсени болгондой айткан жигит суроо бериптир “силер эмне үчүн губернаторду кетсин деп айтып атасыңар” деп, айтыптыр “биз губернаторго адам катары да, иши боюнча да эч кандай каршылыгыбыз жок, бирок азыр Акаевдин командасында иштеп атат, ошондуктан биз айтып атабыз” деп. Мен айтайын дегеним, Акаевге азыркы бийликтегилердин бардыгы иштеген. Азыркы бийликте тургандардын бир-экөө гана иштебегендир мүмкүн. Эгерде биз азыр ошондо иштегендердин баарына кара көө сүйкөй берсек, таза, адилет менен иштегендердин көбүнө жалаа-жаап кара сөз айтып койгон болобуз. Азыр тергөө жүрүп атат, мен ойлойм, ошондо ачыкка чыгат кимдин кандай иштегени. Бирок жанагыдай мени алып барып ошого жеткирди деген бул туура эмес сөз. Анын түбү башка. Аксы окуясында туура баа берип койгондо, бул ушунчалык катуу да болбойт беле деп ойлойм. Убагында Аксы окуясына туура эмес баа берилип калган.

- Сиз Курманбек Бакиев менен сүлөшкөндө келечекте кызматташабыз деп кандайдыр бир кызмат убада кылдыбы?

- Кызматташабыз. Жалпы бүгүнкү өлкөнүн, калктын кызыкчылыгы үчүн мен шайлоодо Курманбек Бакиевди колдойм. Бул жөн эле эмес, мен 20 жыл, Советтер Союзунан баштап башкаруу органдарында иштедим. Бир жерден дагы жаман атты болуп кеткен эмесмин. Мен Жалалабатта да өз милдетимди так аткарып чыгып кеттим. Эң негизи биз элдерди аттырганыбыз жок, элге каршы бир нерсе жасаганыбыз жок. Мен 21-мартта премьер-министрге телефон чалдым, мен барып түшүндүрүп берейин деп. Президентке кирип да айттым, бул абдан олуттуу нерсе деп. Бул азыр президенттик бийлик үчүн болуп аткан нерсе. Ошондон жыйынтык чыгарылышы керек болчу. Анда айтылды, премьер-министр менен сүйлөш, ал киши ушул иш боюнча иштерди жүргүзүп атат деп. Премьер-министр мени эки күн кабыл албай койгон. Ушул тополоңдор боюнча ишти жүргүзүп атып, министрлерди, мэрди, органдардын жетекчилерин чакырып атат, мен ошол жерде отурдум мени кабыл албай койду. 23-мартта, эки күндөн кийин мага телефон чалды, мен айттым, бул абдан олуттуу нерсе, силер туура эмес кылып атасыңар деп. Мени кел жолугалы деди. Кирсем, силер элди аларга каршы чыгарбадыңар деди. Мен айттым, сиз дагы эле түшүнбөпсүз мунун негизи эмнеде экенин, элдин талабы эмне болуп атканын. Бардык элдер ошол жерде кошулуп жүрөт дедим. Мына кылган нерсеси ушул. Муну түшүнбөстүк, көзүн май басып калган десек да болот. Кийин 24-мартта мен үйдө болдум. Себеби билгем эмне болорун. Чынында элдин бийликке каршылыгы абдан курч болуп калган. Ошону айтып түшүндүрө албадым.

- Жусупбек мырза бүгүнкү күндө Курманбек Салиевчтин кадрдык саясатына сындар көп айтылып атат. Эгерде ушундай жол менен барса, дагы эле Акаевдин ишин улантып, дагы эле элдин мүдөөсүн аткарбайт деген. Бакиев президент болуп келсе, жаңы багыттагы иштерди жүргүзөөрүнө ишенесизби?

- Мен ойлойм Бакиев шайлангандан кийин так саясат жүрөт деп. Себеби азыркы кадрдык маселелерге, башка нерселерге шайлоо сөзсүз таасир этип атат. Курманбек Салиевич дагы, Феликс Шаршенбаевич дагы тандемге түштүбү, башаламандыкты токтотуш керек. Көп нерседе шашылыш чечим кабыл алышка туура келип атат. Ошондо сөзсүз катачылыктар болбой койбойт. Шайлангандан кийин баа беришибиз керек. Негизи так бааны ошондо беребиз деп ойлойм.

- Маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG