Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ШАЙЛООНУ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТУУНУ КӨЗДӨГӨН КҮЧТӨР БАРБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан элдик кыймылынын республикалык штаб жетекчилиги 1-июлда маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар мурдагы президент Аскар Акаевге жан тарткан саясий күчтөр учурда шайлоочуларды добуш берүүгө келбөөгө жана келишсе да бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө үңдөшүп, президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракетин жасап жатышкандыгын маалымдашты.

Маалымат жыйынын Кыргызстан элдик кыймылынынын республикалык штабынын жетекчиси Кулубек Бөкөнбаев жана анын орун басары Виктор Черноморец өткөрүштү. Алардын айтымында учурда шайлоону үзгүлтүккө учуратуучу эки коркунуч бар:

- Биринчи коркунучка ылайык президенттик шайлоого көпчүлүк шайлоочулар келбей коюшу ыктымал. Анткени айрым шайлоочулар Бакиев-Кулов тандеминен кийин “мен барбасам деле шайлоодо бир адам жеңет” деген бейкапар ойдо жүрүшөт. Экиңчиден, өзүнөргө маалым Аскар Акаев жана анын тегерегиндегилер убагында ар түрдүү жол менен ири байлык топтошкон. Учурда алар өз байлыктарын жана жоготкон бийлигин калыбына келтирүү үчүн ири суммадагы каражатты жумшоо менен шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөшүүдө.

Кулубек Бөкөнбаев мындан сырткары бул максатта шайлоочуларга акча таратылып жаткандыгын да маалымдады:

- Элдерге шайлоого барбагыла же барсаңар да бардык талапкерлерге каршы добуш бергиле деп беш жүз, миң сомдон акча берип жатышат. Албетте муну өткөн бийликтин өкүлдөрү жасап жатышат. Мындай фактылар Кыргызстандын бардык жерлеринде орун алууда.

Ал эми Виктор Черноморецтин айтымында, мындай көрүнүш айрыкча республиканын түндүк областарында кезешүүдө:

- Мындай фактылар Кемин районунда кездешүүдө. Ал жерде акча таратылууда. Акча ар бир айыл өкмөттөрүндөгү шайлоочунун санына жараша таратылууда. Бир айыл өкмөтүнө сексен миң сомго жакын акча берилген. Бул чоң акча. Ушундай эле маалыматтар республиканын Чүй, Ысыккөл областарынан түшүүдө.

Ошондой эле алар шайлоону үзгүлтүккө учуратууну каалаган күчтөр түндүк-түштүк жана улут аралык маселелерди козгошуп, жер-жерлерде шайлоого барбоону үндөгөн баракчаларды таратышып жатышкандыгын айтышты. Маалымат жыйынында андай баракчалар журналисттерге таратылып берилди. Ал баракчаларда жаңы бийлик келгенден бери өлкөдө ар кандай мыйзам бузуучулук улантылып, кыргыз улутундагылар Бишкектин бир нече жеринде башка улуттун өкүлдөрүн өлтүрүшүп, үй-мүлктөрүн күч менен тартып алып жаткандыгы тууралуу маалыматтар даректери менен ачык көрсөтүлгөн. Ал эми баракчадагы маалыматтын соңунда мындай көрүнүшкө каршы болгон атуулдарды шайлоого келбей коюга үндөө чакырыгы жазылган.

“Биз жогорудагы баракчаларда жазылган маалыматтардын барын текшердик. Чынында андай кайгылуу окуялар эч жерде болгон эмес. Бул жөн гана шайлоонү үзгүлтүккө учуратууну каалаган күчтөрдүн ойлоп тапкен аракеттери,”- деп баса белгилешти Кыргызстан элдик кыймыл өкүлдөрү. Ошондой эле алар Кыргызстандык атуулдарды жогорудагыдай жалган маалыматтарга көңүл бурбай, 10-июлда добуш берүүгө келүүгө үндөштү.

Ушул эле күнү биз жогорудагыдай аракеттер ким тарабынан жасалууда деген суроо менен айрым саясатчыларга суроо узаттык. Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин бул маселеде пикири төмөнкүчө:

- Бир гана Акаев эмес, бул жерде бир топ күчтөр бар. Тагыраак айтканда, ошол биз айтып жаткан кыймылдын ичинде туруп бийлик жетпей калган атуулдар болушу мүмкүн. Баарына эле бир адамды күнөөлөй берүү туура эмес.

XS
SM
MD
LG