Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Сот Нышанов-Бакиев ишин карап жатат


БИШКЕК. Назарбек Нышановдун Курманбек Бакиевди президенттикке талапкердик укуктан ажыратуу жөнүндөгү доо арызын 1-май райондук соту 4-июлда карады:

- Талапкерлердин абалын бирдей кармабагандыгына байланыштуу, өзүнүн үгүттөө иштерин баштап жибергендигине, шайлоочуларды сатып алуу фактыларын уюштургандыгына байланыштуу мен Курманбек Салиевичтин талапкердигин алып салуу боюнча талап коюп атам, - дейт Нышанов

Доо арызда белгиленгенге караганда, Курманбек Бакиев үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн эрте баштап, мыйзамды бузган. Үгүт иштери 14-июнда башталышы керек болсо, ага чейин эле «Жаңы ордо», «Агым», «МСН» гезиттерине Бакиев жөнүндө көлөмдүү материалдар басылган, программасын тараткан. Ошондой эле Нышанов Бакиевди добуш сатып алуу аракеттерин жасады деп эсептеп, ага мисал катары Мирсаид Миррахимовдун Нарындагы медициналык борборуна белек бергендиги тууралуу маалыматты келтирген. Сот ишинин тыянагын жарыялай элек. Ал эми Курманбек Бакиевдин өкүлү Бектур Зулпиевдин айтымында, гезиттер чакырык эмес, маалымат иретинде басылган, программасы «Учкун» басмасынан 14-июнда жарык көргөн. Ушул өңдүү негиздер Бакиев тарабынан мыйзам бузулбагандыгын далилдейт дейт Зулпиев.

XS
SM
MD
LG