БИШКЕК. 4-августка чейин өкмөттүн жаңы структурасы түзүлүп бүтүүгө тийиш жана анын сандык өлчөмү кыскарып, бирок натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга керек, деп билдирген президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 26-июлда өткөн жыйында. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, учурда өкмөттүн структурасынын бир нече варианты даярдалган. Бакиев энергетика тармагындагы абалга токтолуп, анын башкаруу системасын өзгөртүп, кирешелүү тармакка айлантуу ниетин билдирген. Президенттин милдетин аткаруучу ошондой эле бир жумалык эс алууга чыгаарына байланыштуу өкмөттүн ишин координациялоону биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловго тапшырды.