Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча акыркы талкуу башталды


Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору 15-августта парламентке тапшырылууга тийиш, ошондуктан өлкөнүн саясий уюмдарынын жетекчилери аны акыркы талкууга алуу үчүн бүгүн атайын жыйын баштады. Эгер баары пландалгандай болсо, Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум Иракта 15-октябрда өткөрүлөт. Өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн азыр Иракта 138 миң америкалык аскер бар жана референдум алдында алардын саны көбөйтүлүшү мүмкүн. Бүгүн Багдад шаарында полиция күзөтү буктурмага кабылып, төрт полициячы курман болду. Дагы эки башка кагылышуудан эки полициячы окко учту.

XS
SM
MD
LG