Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ: «МЕНИН КОРКО ТУРГАН БАЙЛЫГЫМ ЖОК, БАЙЛЫГЫ БАР АДАМДАР ГАНА КОРКОТ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев 23-августта Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча учурда сурак берип жаткандыгын тастыктап, тергөөнүн жүрүшү боюнча азырынча эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми анын адвокаты Максим Максимович Танаевге коюлган айыптоолор негизсиз деген пикирде.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы буга чейин Николай Танаевге Кылмыш кодексине ылайык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкө казынасына ири суммадагы акча зыян келтирген деген айып боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Николай Танаев өкмөт башчы болуп иштеп турганда өзүнүн токтому менен Социалдык фонддун эсебинен 18 миллион сомду президенттин алдындагы иш башкаруу башкармалыгына которгон. Ал акчага «Тойота» үлгүсүндөгү он эки жип авто унаа сатылып алынган. Мындан сырткары ал өкмөт башчынын фондунан 200 миң долларды «Мээрим» фондуна, 3 миллион сомду «Кыргыз курулуш» ишканасына которгон. Башкы прокурор Азимбек Бекназаовдун айтымында, мына ушундай акчалардын изи жоктугунан Николай Танаевге кылмыш иши козголду.

Маалымат жыйынында жуналистердин “Сиз жогорудагыдай айыптоолорду моюнга аласызбы?” - деген суроосуна Танаев мындайча жооп берди:

- Мага коюлган айыптоолор боюнча азырынча жооп бербей күтө туралык. Мен бул жерге Башкы прокуратуранын мыйзамдын чегинде бере турган суроолоруна жооп берүү үчүн келдим. Менин оюмча, тартип коргоо органдары тарабынан менин күнөөлүү же күнөөлүү эместигим аныкталат.

Танаев бул күнкү маалымат жыйынына эски жеңил автоунаа менен жеке сакчылары жок келди. Ошондой эле ал өз сөзүндө анын Бишкекте же башка жерде эч кандай байлыгы жок экендигин баса белгилеп, кыргыз бийлиги менин ишмердүүлүгүмөн эч кандай айып таба албай деген оюн ортого салды:

- Мен эч нерседен коркпойм. Анткени кимдин жогото турган нерсеси болсо ал адам коркот. Менин жана менин үй-бүлөмдүн жогото турган байлыгы жок. Ким кандай деп жазганы менен менин Ысыккөлдө же башка жерде байлыгым жок. Ачык айтайын менин жана менин үй-бүлө мүчөлөрүмдүн бир күркөсү да жок. Ошондуктан мен эч нерседен корпойм.

Ал эми маалымат жыйынына катышкан анын адвокаты Максим Максимович Танаевге коюлган күнөөлөр негизсиз деп жооп берди:

- Мен мындай айыптоолорду негизсиз деп эсептейм. Мындай кылмыш ишин козгоо убагында кимдир бирөөгө керек болгон. Учурда прокуратура тарабынан тергөө адилеттүү жүрүүдө. Адилеттүү тергөөнүн жыйынтыгында мындай айыптоолор алынып салынат.

Ал эми айрым саясатчылар Николай Танаевдин мындай жупуну болуп, эч кандай байлыгым жок дегенине ишенишпейт:

- Акаев кандай бай болсо, ал деле ошондой эле бай адам. Ал калп эле жаман автоунаага минип, элге жөнөкөй көрүнгөнүн токтосун. Ал убагында Акаевдин эмне дегенин жасап, 104-миң долларга өзүнө үй сатып алган. Андан сырткары өлкөгө миллиондогон сом зыян келтиргендиги айтылууда. Ошондуктан Азимбек аны менен ойнобой, аны камаш керек. Ал келтирген зыян калыбына келтирилиш керек, - дейт президенттин алдындагы Адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG