Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Телл-Афар козголоңчулардан тазаланып жатат


Ирактын Телл-Афар деген шаарында өкмөттүн жана американын аскерлери жүргүзгөн операция маалында 140 козголоңчу каза болуп, 200 адам колго түшүрүлдү. Ирактын Коргоо министри Садун Дулаймининин маалыматына караганда, анда Ирактын 5 жоокери курман болуп, үчөө жараат алды. Операциянын максаты - Телл-Афар шаарын көтөрүлүшчүлөрдөн тазалоо. Бул максат менен азыр ар бир үй текшерилип жатат жана ал дагы 3 күнгө созулат.

 

XS
SM
MD
LG