Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Орусияда 200 чакты айыпкер ачкачылык жарыялады


Димитровград шаарындагы түрмөдө кармалгандар түрмө кызматкерлеринин зордукчулугуна нааразы экендигин мамлекеттик прокурордун кеңсесинен билдиришти:

- Бир канча айыпкер, 180 чакты киши тамак ичүүдөн баш тарты. Аймактык прокуратуранын кеңсеси аларга түрмө кызматкерлеринин ыдык көрсөткөнү боюнча кылмыш ишин козгоду, - деп билдирди Ульяновск обласынын прокурорунун улук жардамчысы Василий Зима.

Айыпкерлер аялдар менен эркектердин бөлөк тамак ичишин, даараткананы тазалоодон бошотууну, жалгыз камерада отургандарга тамеки, чай алып турууга уруксат берүүнү талап кылышууда.

Өткөн жайда Курск областындагы Лгов түрмөсүндө айыпкерлер түрмө кызматкерлеринин зордукчулугуна арызданып, өз денесине залака келтиришкен эле.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG