Ирактын Жогорку трибуналында Саддамга жана аны менен кошо айыпталып жаткан жети кишиге 1982-жылы Дужайл калаасында 140 адамды, алардын арасында өспүрүм балдарды өлтүрткөнү үчүн прокурорлор таккан айыптоо окулат. Ирактын жашыруун полициясынын колунан өлүм тапкандардын басымдуу бөлүгү шийилер болгон, алар Саддамдын өмүрүнө кол салуу даярдаган деген шек алдында өлүмгө буйрулган.
Прокурорлор Саддамдын тушунда жасалган башка да кылмыштар боюнча миңдеген айыптоо барактарын даярдап жаткан кез, алар боюнча сот иштери али алдыда. Ирактык жана Батыштык адам укуктарын коргоо уюмдарынын баамында, Саддам өз бийлиги тушунда ар кандай куугунтук, репрессиянын курмандыгына айланган 300 миңдей ирактыктардын өлүмү үчүн жооптуу.
Ошентсе да, эл аралык эксперттер азыркы шартта Ирактын экс-президентинин иши адилет каралаары күмөндүү деген тынчсыздануусун айтышууда. Өткөөл мезгилдеги соттор боюнча эл аралык борбордун өкүлү Ханни Мегалли буга бир нече жагдайлар себеп болуп жатканын белгилейт:
- Улуттар уюмунун четтеп калышы, Иракта өлүм жазасы кайрадан күчүнө киргизилгени, ага кошумча коопсуздук шарттары ойдогудай болбой жатканынан улам, Саддамдын ишин сотко даярдоого көпчүлүк эл аралык адистер катышпай калышты. Баарынан башкысы менимче, Ирактык айыптоочулар ар дайым АКШнын өкүлдөрү менен кеңешип турганы да алар үчүн чоң тоскоолдук болду.
Чынында эле Ирактагы соттордун ишине АКШ башкы кеңешчи жана материалдык жактан башкы колдоочу болуп берди. Андан улам Багдаддагы трибунал баарын эл аралык стандарттарга ылайык аркалай турганына шейшембиде АКШ президентинин басма сөз өкүлү Скотт МакКлелан ишендирди:
- Бул эми Ирактын соту жана Саддам Хусейндин өз элине каршы жасаган адамгерчиликсиз кыянатчыл иштери үчүн кандай тагдырга туш болоорун ирактыктар гана чечиши керек.
Ал анткен менен, шейшембиде “Хюман Райтс Уотч” уюму Ирактын жогорку сотун сынга алып, анын адилеттүүлүгүнөн терең шек санаган билдирүү таратты. Уюмдун өкүлү Ричард Дикер Саддамдын иши трибуналда Ирактын эски Кылмыш кодекси боюнча каралаарын тынчсыздандырчу жагдай катары белгилейт:
- Бул трибунал Ирактын 1971-жылкы эски кылмыш кодексинин негизинде иш алып барат. Анан судьялар бардык айыптоолорду дыкат карап, эл аралык укуктук нормаларды эске алат деп ким ишене алат?
Ошентип, Саддамдын сотунун тегерегинде тынчсыздануулар арбын. Бирок мындай билдирүүлөр Ирактын экс-президентинин күнөөсүн жеңилдетип жиберчүдөй эмес. Ирактык айыптоочулар таккан олуттуу кинелерге кошумча Иран Саддам трибунал алдында эки өлкө ортосунда 1980-жылдары тутанган согуш, анда химиялык курал колдонгону үчүн жооп берсин деп өктөм талап кылууда.