Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Кыргызстанда төрөлүү кыскарууда


БИШКЕК. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-август айынын аралыгында республика аймагында 72 миң бала төрөлгөн. 8 айдын ичинде 1 жашка чыга элек 2 миң бала чарчап калган. Ал эми каза болгон адамдардын саны 24 миңден ашкан. Алардын 48 пайызы кан жүгүрүү системасындагы оорудан, 10 пайызы дем алуу органдарынан, дагы 10 пайызы уулануу жана жаракат алуудан, 5 пайызы кургак учуктан каза тапкан.

Сентябрь айындагы эсеп боюнча, Кыргызстандын калкынын саны 5 млн.151 миң адамга жеткен.

XS
SM
MD
LG