БИШКЕК. Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы келерки жылы Кыргызстанга 37 миллион доллар кредит бермей болду. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев менен жума күнү болгон жолугушууда Банктын өкүлчүлүгүн башчысы Даниэл Берг билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 20 миллон долларлык ар кыл долбоорлор иштеп жатат. Жыл этегине чейин дагы 10 миллион доллар келмекчи. Курманбек Бакиев болсо айыл банктарын түзүү, аймактык долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгы барын белгиледи.