Бул тууралуу кабарларда Британия, Франция жана Германия сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуунун мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн Ирандын өкүлү Али Ларижанини жолугушууга чакырганыайтылат. Жекшемби күнү Иран өзүнүн атомдук программасына байланыштуу бардык иштерди, анын ичинде уран байытууну өз алдынча жүргүзгөнгө укуктуу экенин билдирди.