Иракта жалпы калктын саны баш-аягы 27 миллионго жетет дешет.Алардын 14 миллиону бейшембидеги шайлоодо добуш бергенге укуктуу. Улуттук парламенттин депутаттары үчүн алгачкылардан болуп чет элде жашаган бир миллионго чукул ирактыктар үч күндөн бери добуш берип жатышат. Вашингтонго жуук жердеги мейманканалардын биринде бүллүтөн салганы келген Доуд Абдул Рахман эртеңки шайлоону өлкөнүн тарыхындагы бурулуш учур деп баалады. Калк биринчи мерте өз өкмөтүн эркин шайлап жатат. Азырынча кыйынчылыктар бар, бирок ирак эли акырындап өнүгүү жолуна түшө баштады.Түбү барып эркиндик жеңип чыгат,- деп айтты Рахман Рейтердин кабарчысына.
Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс да шейшемби күнү Вашингтондогу Мурас фондусунда сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы шайлоонун тарыхый маанисин бөлүп көрсөттү. Мамкатчы ирактыктар демократиялык лидерлерин шайлап, муну менен жаңы тарыхтын барагын ачарын, муну алар дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк калктын моралдык,финансылык жана дипломатиялык колдоосуна таянып жасап жатканын белгиледи. Мындан үч жыл мурдагыга караганда азыркы Ирактын чоң айрымасы бар экенин эске салып,Райс муну абдан жагымдуу көрүнүш деп атады.
Дубайдагы саясий иликтөөлөр борборунун эксперти Мустафа Алани эске салгандай, быйыл январда ирактыктар утурумдук бийлик органдарын шайласа, эми туруктуу парламент үчүн добуш бергени жатышат. "Эл буга кыйла олуттуу мамиле кыла баштады", дейт Алани.-"Бу шайлоо Ирактын жакынкы келечегине чоң шарапатын тийгизет, анын мааниси мына ушунда".
Деген менен өлкөдөгү саясий пейзаж ала-кула экени талашсыз. Саддамдын тушунда башкаруу иштерине кеңири катыша албай келген шейиттер азыр эң ири жана таасирдүү топко айланды. Алардын бириккен блогу диний төрт партиянын, анын ичинде “даавачылар” менен радикал имам Моктада ал-Садрдын тарапкерлерин парламентке сүрөп жатат. Сүннүлөр да байкот тарыйкасынан баш тартып,шайлоого активдүү катышууну чечишти. Аланинин айтымында, сүннүлөр ич ара мунасага келишти. Алар парламентке өткөнү өлкөдөгү саясий процессти колдогон,байистүү козголоңчул күчтөр менен биригип күрөшмөкчү. Бул сүннүлөрдүн дипломатиясындагы эң башкы бурулуш болду. Шайлоодон соң алар,Аланин баамында,таасирдүү саясий күч болуп калышы мүмкүн.
Түндүктөгү күрттөр мурдагыдай эле өздөрүнүн жарым автономдуу статусун сактап калганга умтулууда. Шайлоого алардан эки фракция – күрт демократиялык партиясы менен Күртстан патриоттук союзу катышууда. Аларга жалпы күрттөр жабыла добуш берет дешет.