Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Нарында бюллетендер кайра саналууда


НАРЫН. Нарын райондук шайлоо комиссиясынын №40-53 Казанкуйган шайлоо участогу боюнча талапкер Саламат Талипованын атаандашынан 2 добуш айырма болуп калып, берген арызы боюнча бюллетендерди кайра санады. Жыйынтыгында эки добуш өзгөрүүсүз калып, арыз берген Саламат Талипова жеңилгендигине макул болду. Экинчи чыр участогу болуп эсептелинген №40-30 Дөбөлү шайлоо участогу боюнча талапкер Ибраимакун уулу Жанышбек менен Алымбаев Чыныбектин ортосундагы айырма 16 добуш болгон. Аталган участкалык шайлоо комиссиясы өз милдетин так аткарбагандыктан көчмө жашик менен добуш берген 21 адамдын добушу санака кошулган эмес. Убактылуу паспорт менен айрым шайлоочулар добуш берген. Кайрадан бюллетень саноонун жыйынтыгында Ибраимакун уулу Жаныш 5 добуш менен утулуп калды. Нарын райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мырзабек Байчириков 24-декабрда №40-30 Дөбөлү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кадыракун Асановду баш кылып, толук курамы менен башка шайлоого катыштырбоо боюнча чечим чыгарыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG