“Атуулдар коррупцияга каршы” уюму бул жолугушууда Аксы трагедиясы менен Барскоон кырсыгынын курмандыктары менен мамлекеттик бийликти маңдай-тескей отургузууну көздөгөн. Бирок президент Курманбек Бакиев да, финансы министри Акылбек Жапаров, ички иштер министри Мурат Суталинов да келген жок.
Аксылыктар менен барскоондуктар канчалаган жылдардан бери чечилбей келаткан маселелерди чечүүгө 24-марттан кийинки бийликтин саясий эрки жетет го деп үмүттөнүшкөн. Бирок 9 айдан бери Аксы окуясы боюнча тергөө иштери алдыга жыла элек.
24-декабрда өткөн алтынчы элдик курултайда Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаров Баш прокурор кезинде Аксы боюнча тергөө иштердин 60-70 пайызын бүтүргөнүн, бирок ал кызматтан кеткенден кийин кайра ал иш башка өңүткө бурула баштаганын билдирген.
Аксылыктарга мамлекет баш-аягы 2 миллион сом материалдык компенсация төлөп бермек болуп, бул акча 2006-жылдын мамлекеттик бюджетинде каралып атат. Бирок аксылыктар кеп акчада эмес дешет. Алар Аскар Акаевдин кол алдында иштеп, бул окуяга тиешеси бар адамдарды жазалоону талап кылышууда.
- Баламдын аман турганы миллион сомго татыйт беле? Үч баласын эркелетип, алар менен сүйлөшүп атканын көрүп турсам ошол мага бакыт болчу. Миллион сомунун мага кереги да жок. Азыркы бийлик күнөөлүүлөрдү жазалап бермейин жаныбыз тынбайт. Аманбек Карыпкулов, Темирбек Акматалиев, Советбек Абышкаев, Болот Жанузаков, Зоотбек Кудайбергенов, Шермамат Осмонов өңдүү адамдардын сот жообуна тартылсын, бийликтен ушуну күтөбүз, -дейт Аксы окуясында каза болгон Эркинаалы Четинбаевдин атасы Момунбек аксакал.
Аксы окуясында ок тийип, төрт кабыргасын, өпкөсүнүн жарымын алдырган Анараалы Назарбеков кандайча аман калганын мындайча айтып берди:
- Көкүрөгүмө ок тийип, кансырап жатып калдым. Ошондо тааныш милицияларга жалдырап, жардам сурай баштадым. “Сен өлүшүң керек” деп ачык эле айтышты, жардам бермек турсун кайра мени тепкилеп киришти. Мени өлүктөр менен кошо КаМаЗдын үстүнө жүктөштү да, моргго алып баратканда бир медсестра менин колумдун кыймылдап атканын көрүп, кыйкырып ийиптир. Ошентип анан реанимацияга түшүп калгам, -дейт Анараалы Назарбеков.
Аксы окуясында бутуна ок тийген Абдыкул Садыров мамлекет акыйкаттык орнотуп, көкүрөгүбүз суутуп, өч алып бербесе, аргасыз кадамдарга барышыбыз ыктымал дейт.
- Мыйзам иштебесе, акыйкаттык орнобосо, анда өзүбүзгө коюшсун анда. Көкүрөк суубаса, анан аргасыз ушундай сөздү айтасың да. Бая күнү балдар көчөдөн бир чиновникти көрүп калып, көзүн оюп алабыз деп чыгышты. Койгула, балдар, деп токтотуп калдым. Аргасыздык бизди ар кандай кадамга түртүшү мүмкүн да. Акаевдин бийлиги кетти, эми азыркы бийлик акыйкаттык орнотсун да.
Президенттик администрациянын Коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн жетектеген Мурат Кошоев аксылыктарды сабырдуулукка чакырып, мыйзамсыз иштерге барбоону суранды. Мурат Кошоев аксылыктарды Аксы окуясына азыркы бийлик өз баасын берет деп ишендирди.
Бул жолугушууга Барскоон кырсыгынан жапа чеккен 5 айылдын тургундары да катышышты. Алар “Кумтөр” кенин иштетүүдөн келип чыгып аткан экологиялык зыяндардын санап, бул долбоор деги эле Кыргызстандын келечеги үчүн өтө коркунучтуу долбоор деп билдиришти.
Барскондуктар “Центерра голд” компаниясы берген компенсациянын алгачкы 1 миллион долларын алып, ар бир короого 8 миң 700 сомдон таратышты. Канадалыктар калган 2 миллион доллардан ашыгыраак акчаны жаңы жылда бериши керек.
“Өмүр дарагы” бейөкмөт уюмунун лидери Калия Молдогазиеванын айтымында, учурда “Кумтөрдөгү” уу калдыктар топтолуп аткан сактагыч тоо арасында сейсмикалык жактан коркунучтуу жерде жайгашкан. “Анда көмүлүп аткан уулуу заттардын көлөмү Кыргызстандагы совет убагында көмүлгөн калдыктардыкынан да чоң” дейт Калия Молдогазиева.
“Карек” бейөкмөт уюмунун лидери Эркингүл Иманкожоева билдиргенге караганда, уу калдыктар көмүлгөн жердин дамбасы жарылып, “Центерра голд” аны жакында кайра оңдоду. “Карек” бейөкмөт уюм жетекчисинин билдиргенге караганда, келишим боюнча ал уу калдыктарды культивация кылууга өзүнчө 20 миллион доллар топтоп коюш керек болсо, анын ордуна канадалыктар азырынча банк эсепке 3 миллион доллар гана которушту.
“Атуулдар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, Аксы трагедиясы боюнча айыптуу делген мамлекеттик чиновниктердин үстүнөн ачык сот болуп, бул окуяга адилет саясий жана укуктук баа берилмейин Кыргызстанда мындай окуялар кайталанбайт деген кепилдик жок.