Парламенттин 30-декабрындагы отурумунда бир топ талашып-тартышуудан соң Кыргызстандын 2006-жыл үчүн бюджети биринчи окулушунда кабыл алынды. Жогорку Кенештин бюджет жана каржы комитетинин эсеби боюнча бюджеттин киреше бөлүгү 19 миллиард 683 миллион 887 миң сомду түзүүгө тийиш болчу. Комитет төрагасы Акматбек Келдибеков аны 1 миллиард сомго көбөйтүүнү талап кылды. Бирок кирешелерди азырынча 495 миллион сомго гана көбөйтүү чечилди.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн -20 миллиард 178 миллион сом, чыгаша бөлүгүн – 20,1 миллиард сом, таңкыстыгын– 421 миллион сом түзөт.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн -20 миллиард 178 миллион сом, чыгаша бөлүгүн – 20,1 миллиард сом, таңкыстыгын– 421 миллион сом түзөт.